Алмазбек Каримов:  Социалдык жардам алган 50 үй-бүлө акырындык менен буттарына туруп келатышат
3 апрель

Алмазбек Каримов:  Социалдык жардам алган 50 үй-бүлө акырындык менен буттарына туруп келатышат

2022-жылы Кыргызстанда жакырчылыкты жоюу максатында «Социалдык контракт» долбоору ишке кирген. Үч жылдан ашуун убакытта долбоордун катышуучулары көбөйдү жана алардын арасында жеке ишин жөндөп кеткендер да, ошол эле маалда көздөгөнүнө жете албай калгандар да кездешет. Ал эми Сүлүктү шаарында бул долбоордун жыйынтыгы кандай болуп жатканы тууралуу шаардагы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Каримов Караван-Инфого айтып берди. 

Сүлүктү шаарында 2024-жылы калкты иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу жаатында кандай иштер аткарылды? 2025-жылдын үч айында канча адам жумуш менен камсыз болду?

– 2024-жылы шаарда 720 жаңы жумуш орундары түзүлгөн, 2023-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 120,2 пайызды түздү. Анын ичинен 636 жумуш орду коомдук акы төлөнүүчү жумуштардын эсебинен, 50сү  социалдык контракттын негизинде жана 34ү жеке ассистент кызматынын эсебинен түзүлдү. Белгилей кетсек, 2023-жылы 599 жаңы жумуш орундары түзүлгөн болчу.  

Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча,  2025-жылдын башынан бери 120 адам ар кайсы тармактарга ишке орношту.

– Бүгүнкү күндө канча жумуш орду бош? Кандай адистерге, кандай кесиптерге муктаждык бар?

– Шаардын аймагында жер, суу ресурстары жок болгондуктан айыл чарбаны өнүктүрүү мүмкүн эмес. Негизги киреше алып келүүчү тармак – бул көмүр өндүрүү. 2024-жылы жалпы 305 миң 723 тонна көмүр өндүрүлүп, план 101,6 пайызга аткарылган. 

Бүгүнкү күндө шаардын аймагындагы көмүр өндүрүү мекемелеринде 220 өткөөлчү, жардыруучу, ширетүүчү жана башка бош жумуш орундары бар. Мындан башка дарыгерлер, Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун медициналык коледжинде химия, биология предметтери боюнча окутуучулар  жетишпейт. 

– Сүлүктүдө кайсы адистиктер боюнча кесиптик билим алууга мүмкүн? Жумушсуз жаштар кайсы кесиптерди көп тандайт жана алардын кесипке ээ болгондон кийин жумушка орношууга мүмкүнчүлүктөрү барбы?

- Учурда шаардагы №73 кесиптик лицейи менен келишим түзүлүп, жумушсуз жаштар, жарандар кесиптик окутуудан өткөрүлүүдө. Аталган окуу жайда компьютердик технология, тигүүчү, ашпозчу, ширетүүчү, өткөөлчү кесиптери боюнча окутуу курстары бар. Биздин шаар кичи шаарларга кирет, 25 402 тургун жашайт. Бүгүнкү күндө 30 адам окуу курстарында окуп жатат. Былтыр 120 адам кесипке ээ болуп чыккан. Жумушсуз жаштар негизинен компьютердик технология, тигүүчү, ашпозчу курстарын көп тандайт. Алардын жумушка орношууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

– Жаштар үчүн стажировка программасы кандай ишке ашырылууда?

– Биздин шаар сиз айткан программа боюнча долбоорго кошулган эмес. 2024-жылы «Социалдык контракт» негизинде 50 үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык жардам алышты. Алардын ичинен 29 жаран – мал чарбачылыгы, 8 – такси кызматы, 6 – тигүүчүлук, калганы кулинария жана башка кызмат көрсөтүүлөр боюнча өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келүүдө.

– «Социалдык контракт» долбоорунун өткөн жылдагы жыйынтыктарын айтып берсеңиз. Канча адам кандай багыттар боюнча өз ишин баштады? Жаңы, өзгөчө бизнес идеялар болдубу? 

– 2024-жылы «Социалдык контракт» негизинде 50 үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык жардам алышты. Алардын ичинен 29 жаран – мал чарбачылыгы, 8 – такси кызматы, 6 – тигүүчүлук, калганы кулинария жана башка кызмат көрсөтүүлөр боюнча өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген жобого ылайык, алардын ар биринин бизнес долбоорлору мэриянын алдындагы атайын түзүлгөн комиссия тарабынан каралып, тандоо жүргүзүлгөн. Жобого ылайык бардык процедуралар сакталган жана биринчи 3 айлыкта комиссия тарабынан ай сайын, андан кийин квартал сайын, анан  жарым жылда кабар алып, натыйжалуулугу боюнча мониторинг жүргүзүлүп турат. Жыйынтыгы жаман эмес, социалдык жардам алган 50 үй-бүлө өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп, жакырчылыктан чыгуу аракетин жасап жатышат. 

– Долбоор ишке киргенине үч жыл болбодубу, бул убакыт аралыгында  канча ишкер туруктуу иш алып барууда? Канча жумуш орду түзүлдү?

– 3 жылдын ичинде жалпы 125 адам 100 миң сомдон социалдык жардам алышты жана 120 жаңы жумуш орундары түзүлдү:  2022-жылы – 50, 2023-жылы – 25, 2024-жылы – 50. 

Алардын арасынан эки адам ден соолугуна байланыштуу социалдык контракттын талаптарын аткаруудан бошотулду. Мындай чечимди мэриянын алдындагы комиссия кабыл алды. Ал эми үч жаран өлкөнүн башка аймактарына көчүп кеткендигине байланыштуу, алардын иш кагаздарын ошол район, шаарлардагы башкармалыктарга өткөрүп бердик.

Калгандары өз ишмердүүлүктөрүн ийгиликтүү жүргүзүшүүдө. Мисалы 2022-жылы бири 7 кой алган болсо, бүгүнкү күндө малы  55 баш койго жетти. Бир  автоунаа оңдоо станциясы, бир массаж салону калкка кызмат көрсөтүп, акырындык менен буттарына туруп келе жатышат.  

– Ошол жарандардын канчоосу жеңилдетилген насыя ала алды жана ал бизнестин кайсы түрү менен алектенет? 

– Жеңилдетилген насыяны бир катышуучубуз алды. Ал массаж салонун ачкан болчу. Учурда иши менен элге жагып, жакшы иштеп жатат.