Баланы каникулдан кийин мектепке кантип даярдоо керек?
Узакка созулган каникул аяктады. Жай баракат жашоодон бекем тартип менен сабак окууга өтүү – бул өсүп келаткан организм үчүн стресс. “Караван-Инфо” редакциясы “ЮРФА” медициналык борборунун балдар невролог-дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты менен мектептин башталышындагы биринчи жумада көп кездешүүчү көйгөйлөрдү талдады.
- Биринчи күндөрү көпчүлүк окуучуларда өзгөрүүлөр жаралат: алар өздөрүн начар сезип жатышканын айтышып, турган жеринде эле ачууланып башташат. Ата-энелер тынчсызданышат: баласын жайында жакшы эс алдырып, күч топтотууга аракет кылышпады беле. Тескерисинче сентябрдын башында бала бир чейрек окугандай чарчаңкы болуп калды.
Медиктер бул учурду түйшүккө көнүү мезгили деп аташат. Кечээ эле балаңыз эс алган, каалашынча уктаган, ойногон, а сентябрда ал окушу, мугалимдин талаптарына баш ийиши, үй тапшырмаларын аткарышы керек. Ага кошумча -убактысы мүнөтүнө чейин бөлүштүрүлгөн, бул чынында өтө оор.
Чоң кишилерге да эмгек өргүүсүнөн кийин жумушка көнүп кетүүгө бир жума убакыт керектелсе, бала жөнүндө эмне дей алабыз... Мектепке адаптация – табыгый процесс, бирок ар балада ал ар башкача өтөт. Айрымдары бир жумадан кийин мектептин жашоосуна активдүү катышып калса, башкалар түнт тартат, кээ бири такыр эле депрессияга түшөт, эки алат, сабакты калтыра баштайт.
1-класстын окуучуларынын адаптация мезгили 1,5 айдан 3 айга чейин созулат, 5-класстагылардыкы бир ай, калган класстардын окуучулары 2-3 жумада мектепке көнүп калышат.
- Балдарга мектепке залакасы жок көнүп, сабак окууга умтулуусуна кантип жардам беребиз? Ата-энелерге кандай кеңеш айтат элеңиз?
- Ийгиликтүү адаптациянын негизи – бул күн тартиби. Сентябрдын башында баланын режимди сактоосуна өтө көңүл буруңуз. Дени сак, толук кандуу жана жетиштүү узактыктагы уйку маанилүү. Эртең менен уйкусу канып ойгонгон окуучулар бир топ жакшы окуп, айланасындагылар менен конфликтке барбай турганы аныкталган.
Эч убакта уйкудан убакытты үнөмдөбөө зарыл. Түн жарымга чейин үй тапшырмаларын аткарып отурбашы керек, айрыкча баланын нерв системасын уктаар алдында телевизор же компьютердеги оюндар менен жабыркатуу болбойт. Күн тартибин мажбурлап сактатыңыз.
Эгер сиз баланын туура тамактануусу үчүн кам көрсөңүз, анда анын мээсин күчтүү жана туруктуу билим алууга ыңгайлаштырасыз.
Анан, албетте, баланы камкордукка алыңыз, түшүнө билиңиз. Кызыңыз же уулуңуз менен биргеликте алардын абалын талкуулап, санаркоо менен тынчыздануусунун себебин аныктап, ылайыктуу чечим табууга аракеттениңиз. Бала аны түшүнгөн жана колдогон үй-бүлөдө өсүп жатса, стресстик кырдаалдарды оңой көтөрөт.
- Ийгиликтүү адаптациянын белгилери кандай болот?
- Баланын окуу процессине канааттануусу. Ага мектепке барууга жагат, ишенимсиздик жана коркунучту сезбейт. Бала программаны оңой жөндөйт. Ийгиликке жетүүсүнө ишенет.
Ийгиликтүү адаптациянын белгиси – бул баланын үй тапшырмаларын аткаруудагы өз алдынчалуулугу, улуулардын жардамына өзү аткара албай калгандан кийин гана кайрылат. Көбүнчө ата-энелер балага өтө эле жардам берип жиберишет дагы, тескери жыйынтык алышат. Андай учурда окуучу ата-энеси менен бирге үй тапшырмаларын аткарууга көнүп, өз алдынча жасагысы келбей калат. Бул жерде жардамыңыздын чегин дароо аныктап, анан аны акырындык менен азайтканыңыз оң.
Бала мектеп чөйрөсүнө толугу менен көнүп калганынын эң маанилүү белгиси – классташтары жана мугалими менен болгон инсандык мамилесине канааттануусу.
Балдарыңызга аяр мамиледе болуңуз, аларды жакындан таанып, кандай тапшырма болбосун чогуу аткара алаарыңызды түшүнүңүз!