Ильяз Абдыразаковдун апасы Темирова Уулкан айым: “Ильяздын ырчы болушу үчүн жасаган эмгегимдин баары акталды”
31 октябрь

Ильяз Абдыразаковдун апасы Темирова Уулкан айым: “Ильяздын ырчы болушу үчүн жасаган эмгегимдин баары акталды”

Кичинекей кезинен сахнага келип, чыгарган ар бир ыры хитке айланып турган ырчы, аранжировщик Ильяз Абдыразаков азыр ар бирибизге тааныш. Табиятынан берилген таланттын ээси Ильяз кандай эненин тарбиясын алды экен деп кызыгып, ырчынын апасын кепке тарттык.

– Уулкан эже, уулуӊуздун кесиби сизге жагабы?

– Мен Ильяздын ырчы болушун ал кенедей кезинде эле билип, талантын колдоп келгендиктен, мага кесиби абдан жагат. Ильяздын ырчы болушун жөн гана жактырбастан, ар дайым аны колдоп, бассам-турсам ишине жакшылыктарды тилек кылып турам. Уулумдун жаңы ыры чыккан сайын  сыймыктанып, кубанып калам.

– Кичинекей кезинде эле чыгармачылыкка аралашып кеткени белгилүү, бул ата-эненин эмгегиби же балаӊыздын талантынанбы?

– Биз чыгармачыл үй-бүлөбүз. Башында атасы обон жаратып, ырдап келген болсо, мен музыкадан Ильязга өзүм сабак бергем. Анан мектептин деӊгээлиндеги болгон кароо-сынактарга, кечелерге Ильязды жетелеп барып, калтырбай катыштырчумун. Албетте, менин бул аракеттердин баарын баламдын тубаса талантына карап кылчумун. Ырга болгон кызыгуусу күчтүү болгондуктан, аны Абдумалик Шерматовдун “Шер” тобуна, кийин “Кыз-Бурактын” мектебине бергем. Атасы экөөбүздүн мындай аракеттерибиздин баары уулубуздун талантынын өсүшүнө себеп болду. Ильяз мектепте окуп жүргөн кезинде эле тойлорго чыгып ырдай баштаган. Андан тышкары аталган топтор менен гастролдорго чыкканында ар дайым жанында болчумун. Балам менен Нарындын суугун дагы көрүп калгам.

– Балаӊыздын мектеп жашындагы кылыктарынан айтып берсеӊиз?

– Ильяз башынан эле жоош. Бала бакчага барып жүргөн кезинде мен түштө барып бир маал карап кетчү элем. Качан барсам тарбиячылары аны ырдатып жатышкан болчу. Анысына абдан кубанчумун. Ал эми мектепке болсо 1-классты эки жыл удаасы менен окуган. Биз Өзбекстанда иштеп калып аны бала бакчага алып барсак “мен өзбекче сүйлөбөйм” деп болбой койгонунда өзүм ишке кирген кыргыз мектепке биринчи класска киргизип алгам. Андан кийинки эле жылы өзүбүздүн жерге келгенде кайрадан 1-класска алып барганбыз.

– Балаӊыздын ырларын жаӊы чыгып жатканда үйдөн угасыздарбы же ырдалып кеткен соӊ угасыздарбы?

– Көбүнчө ырларын мен элге алынып кеткен соӊ угуп, жактырып калып, уулумдуку экенин кийин гана билем. Бул нерсеге ичимден таӊ калып да калам. Качан болбосун кулагыма жакшы угулуп ичимден “жакшы ыр экен” деп ойлоп койгон ырым баламдыкы болуп калат. Анын эӊ биринчи “Арманым” деген ыры дагы ушундай болгон. Радиодон угуп калып абдан жактырып, ал ырды дагы берип калар бекен деп күтүп жаткам. А кечинде Ильяз келип “жай ырдалган кайгылуу ыр уккан жоксузбу?” дегенинен мен оюмдагыларды айтып бердим. Ошол ыр менин ырым десе абдан кубангам.

– Ырчынын сизди кубандырган кандай жакшы белеги болду эле?

– Мен үчүн Ильяздын өзү белек деп туям. Анткени уулумдун кенедей кезинен баштап ушул күнгө чейин ал тууралуу жаман кеп уга элекмин. Дайыма жакшы сөз угуп, уулум үчүн сыйга гана арзып келе жатам. Ильяз абдан боорукер адам. Ар дайым мени угуп, менин айтканымды кылат. Ал эми анын менин көзүмө жаш алдырган жакшы белеги “Энекебайым” деген ыры болгон.    

– Сизди Ильяздын апасы деп таанып, өзгөчө мамиле кылгандар болобу?

– Абдан көп. Кээде  улуу адамдар деле Ильяз менен, анын ата-энеси менен таанышат элек деп келишет. Бул нерсенин баары мен үчүн жагымдуу. Андайда олтуруп алып “бир кездеги уулумду ырдатып жер кезип жүргөн эмгегимдин баары акталды. Уулум тилегенимдей ырчы болду, Кудайга шүгүр” деп калам.

– Үйлөнөрдө келиниӊиз менен тааныштырды беле?

– Ооба, ал кезде мен Ошто болчумун. Бир күнү бир кыз менен сүйлөшүп атам деп калганынан “алгач мен ал кызды көрөйүн. Тааныштыр. Сен деген чыгармачыл адамсыӊ. Ал сени менен жашап кете ала турган кыз бекен, мен билишим керек” дедим. Анан көп өтпөй Бишкекке келсем мени кызы менен тааныштырды. Байкасам, Медина уулума туура эле келген кыз экен. Дароо эле көөнүмө толгондуктан, башка сөз айтпай эле чыгармачыл адам экенин, кандай учур болсо дагы аны менен чыдап жашап кетиши керек экенин эне катары түшүндүрүп айттым. Кудайым буюруп уулум жакшы келинчек алды.

– Өзүңүз кандай кайненесиз?

– Медина жакшы келиндердин катарында. Анын тамак жасаганына, үйдү кармаганына, балдарды тарбиялаганына, деги эле жаман деген сөз айта албайм. Баламдын чыгармачылыгына дагы жакшы карап келе жатат. Азыр неберелеримди сагынып алардыкына бат-баттан барып турам.