Аламүдүн капчыгайында кино тартылууда – россиялык режиссер Кыргызстан тууралуу
18 ноябрь

Аламүдүн капчыгайында кино тартылууда – россиялык режиссер Кыргызстан тууралуу

Россиялык режиссер Сергей Коротаев Бишкекке “Тизмеде жок болчу” («В списках не значился») тасмасы менен келген. Ал 31-октябрда Орун киносунун фестивалынын алкагында көрсөтүлүп, маданият күндөрүндөгү борбордук премьералардын бирине айланды. Фестивалдан жана Бишкек менен таанышуудан кийин Коротаев Кыргызстандан алган таасирлери – коомчулук, жергиликтүү ашкана, жол тыгыны, анан албетте, өзгөчө жаратылыш тууралуу айтып берди.

Сергей, сиз тасмаңызды фестивалга алып келдиңиз, биздин коомчулук сизге кандай таасир берди, пикирлерин айткандар болдубу?

– Зал абдан сонун болду, көрсөтүүдөн кийин абдан жакшы суроолор берилди. Эл тасманы кабыл алды, түшүндү, сезди – бул режиссер катары, мен үчүн эң маанилүү нерсе. Мен жеткирүүнү каалаган нерсени көрүүчүлөр чындап сезишти. Маңыздуу суроолордун берилгени абдан кубандырды.

Биздин өлкөдөн кандай таасирлерди алдыңыз?

– Кыргызстан болгондо, Бишкек шаарын жана анын айланасын гана көрүүгө үлгүрдүк, бирок ушунун өзү эле жаратылышы укмуштуудай экен деп айтууга жетиштүү болду. Биз барган Аламүдүн капчыгайы  – фантастикалык жер экен. Он беш километрдей жөө бастык, ар бир кадамыбызда токтоп, жөн гана карап тургубуз келди. Андан кийин Бурана мунарасына бардык. Ал жакка жол Тянь-Шань тоо кыркалары менен курчалган түздүк аркылуу өтөт. Бул биз үчүн таптакыр адаттан тыш, абдан таасирдүү көрүнүш болду. Москва түздүктө жайгашкан, ал эми бул жерде бардык тараптан тоолор курчайт экен. Бул болуп көрбөгөндөй сезимдерди жаратты.

Борбор калаада сейилдөөгө убакыт таптыңыздарбы, эмнелерди байкадыңыздар?

– Тилекке каршы, Бишкекте анчалык сейилдей алган жокпуз, экскурсиянын баары шаар сыртында болду. Бирок ага карабай, Бишкекте өзүнө таандык жагымдуулук бардыгын байкадым. Бир гана нерсе – жол тыгындын көптүгү. Мунун баары көчөлөрдүн тардыгынан, көп үйлөр курулуп, эл жана машина көбөйгөндөн болуп жатат дешти. Москвада деле жол тыгыны бар, бирок жан-жакасынан жол таап чыгып кетүүгө мүмкүн. А Бишкекте жөн гана туруп берет экенсиң. Ошондой болсо да, шаардын түзүлүшү абдан кызыктуу экен, советтик архитектура менен чыгыш мотиви айкалышып, акырындык менен мегаполиске айланып баратканы байкалат.

Улуттук ашкана жактыбы?

– Оо, ал укмуш! Абдан даамдуу, бизге түшүнүктүү тамак-аш. Баары жөнөкөй, бирок чын дилден берилип жасалган. Абдан тамшанып жедик.

Кыргызстан жана андагы эл боюнча өзүңүз үчүн эмнелерди ачтыңыз?

– Баары кызык, бирок тилекке каршы, бул жакта өтө аз убакыт болдук. Эгерде көбүрөөк жүргөнүбүздө, дагы да көп кызыктуу нерселерди байкамак болушум керек. Бирок үч күндө жаратылышы катуу таасир калтырууга үлгүрдү. Аламүдүн капчыгайында кино тартууну ойлонуп жатам, атмосферасы ылайыктуу экен.

Кинодо башкы нерселердин бири – атмосфера. Ал көптөгөн деталдардан жана режиссердун ой жүгүртүүсүнөн көз каранды, бирок жандуу жаратылыш курчаса, тегериңдегилер сенин ички дүйнөң менен дал келсе – анда иштөөгө бүт шарттар түзүлдү дегенге болот.

Дагы бир жолу кайталайм, Кыргызстандын жаратылышы укмуштуудай. Мен дагы бир жолу өлкөңүздөргө келем деп үмүттөнөм. Келүү менен гана чектелбей, ушул жактан кино тартуу кыялымды да ишке ашыргым келет.