Бегайым Нурлан кызы, акын: Бакыт, сүйүү жана жакшылыктарга ар бир адам татыктуу!
27 июль

Бегайым Нурлан кызы, акын: Бакыт, сүйүү жана жакшылыктарга ар бир адам татыктуу!

Бегайым Нурлан кызы бир эмес, эки мартабалуу адабий сыйлыкты жеңип алган  акын кыздарыбыздын бири. 2022-жылы Байдылда Сарногоев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болсо, 2025-жылы Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болду. Директорлук кесип менен акындык өнөрдү айкалыштырган Бегайым Нурлан кызын кепке тарттык.

Бегайым, Кочкордогу Кара-Мойнок айылындагы мектепте директор экенсиң. Акындык өнөр менен директорлук кесипти айкалыштырып алып кетүү кыйынчылык жаратып жаткан жокпу?

– Кочкор районунун Кара-Мойнок айылындагы Абылгазы уулу Ишеналы атындагы орто мектебине үстүбүздөгү жылдын 20-майында директор болуп дайындалдым. Ушул эки айдан бери  жетекчи болуу  күжүрмөн эмгек, көп аракет жана темирдей бекемдикти талап кылган татаал жумуш экенин жон терим менен сезе баштадым. Кызмат менен чыгармачылыкты айкалыштырып алып кетүү оор экенин билсем да, эки чылбыр бир тизгинди колго алууга болгон аракетимди жасайм.

Акындардын жүрөгү жумшак дешет. Кандай жетекчи болуп жатасыз?

– Жөнөкөй мугалим болуп жүргөндө окуучуга үнүмдү катуу чыгарып сүйлөй албаган жумшак элем. Кийин мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу болуп дайындалганымда мүнөзүм катаалдана баштады. Көрсө, жумуш өзү эле үйрөтөт экен. Менин атам аябай катаал мүнөз, кырс киши, а апам тескерисинче өтө эле жумшак, баёо, боорукер аял. Менде экөөнүн тең мүнөзү бар экен.  Мурунку тажрыйбама үңүлө турган болсок, баары менен тил табышып, эч ким менен конфликтке барбай, көңүлдү баалап, адамгерчиликти туу тутуп иш алып барчу экенмин. Буюрса, алдыдагы кызматымды да ак ниет, адал ишке, гумандуулук жана демократияга негиздеп улантаарыма ишенем.

Илхом, эргүү кайсыл учурда келет? Жүркөтөн жүрөккө жеткен керемет саптар кайсыл мезгилде жаралат?

– ⁠Эргүү күтпөгөн учурда келет. Ырларым монотондуу. Демек, бир нерсеге капаланганда, буулукканда илхом көбүрөөк келет. Бирок, жашоодо юморго жакын, жашоону сүйгөн, каткырыгы тыйылбаган, оюн-күлкүгө тойбогон адаммын. Ырларга келгенде такыр башка... Бир билгеним, жасалмасыз, жашап жазган ырлар гана жүрөккө жетет экен.

Бир эмес, эки акындын лауриаты болдуңуз. Бул сыйлык сизге дем, күч  бердиби? Дегеле сыйлыктар акындарды шыктандырабы?

– ⁠Ооба, сыйлык деген- сыймык да! Бул сыйлыктардын лауреаты болуум биринчиден, буйрук анан аракет жана ишеним. «Жолдуусуң» дегендер болбой койгон жок. Бирок, жолдуулук да ниеттен, тилектен, жүрөктөн болоруна көзүм жеткенине көп болду. Чынында, абдан жолдуумун. Ушул шартты түзүп, баалап-баамдап жаткан бардык уюштуруучуларга, калыстарга, КРнын улуттук Жазуучулар союзуна терең ыраазычылык билдирем. Бул сыйлыктар мага дем, күч бергенден тышкары чоң жоопкерчилик артты.

Ыр жазганда алгач кимге окутасыз? Ким ырыңызды сын көз менен карап берет?

– ⁠Алгачкы ыр жыйнагым жарык көргөндө апам (таенем) ар бир сабымды жаттап алган эле. Ал кезде гезит окуп, сканворд толтуруп эле отурчубуз. Апам эринбестен күнүгө ырларымды окучу. Күнүгө жаттачу. Өзү ыр ышкыбозу эмес, жазууга деле жакындыгы жок. Бирок, өрөөнүбүздөн чыккан чоң манасчынын кызы, генетикадан болсо керек. Менин чыныгы күйөрманым, сынчым жана жол көрсөтүүчүм. Жазгандарымды дароо апама чалып, окуп берем. Ал өз пикирин айтат, татаал метафораларды да сонун түшүнөт.

Биринчи жазган ырыңызды кимге арнагансыз жана качан жазгансыз?

– Биринчи жазган ырым “Класска жаңы киргизген энем, кийимимди жууп- тазалап берген” деген обону менен бардык үй-бүлөлүк той-топурларда ырдалчу. Апамдын айтуусунда Алиппе майрамында окуган ырымды өзүм жазган экенмин. Ал эсимде жок. Кийин көк дептер толтура ыр жазып, үйдө түшкө чейин уктаган, чарчаганда ыр жазганы отуруп калган, таттуунун эң жакшысын жеген эрке, аябай кадыр-барктуу адамы болчумун. Көрсө, үй-бүлөм азыркы ийгиликке жетүүдөгү пайдубалымды мээрим, сүйүү, колдоо менен бекем тургузушкан экен.

Ырлар жыйнагыңыз жарык көргөнбү?

– «Сыйкырдуу саптар» жана «Ичтеги бурганак» аталышындагы эки ыр жыйнагым жарык көргөн. “Жылдыздуу жээк” аталышындагы поэзия фестивалында жогорку баага татыганымдын бирден-бир себеби (калыстардын пикирине таянып) масштабдуулук жана көп тематикалуулук болду.

Аялзатынын бир колу бешик терметсе, бир колу аалам терметет экен. Канча балалуу болдуңуз? Жолдошуңуз бул сапты кимге арнадың деп сизге түйшүк жаратпайбы?

– ⁠Бир уулдун энесимин. Жолдошум ар тараптуу колдогондугу үчүн ушундай ийгиликтер жаралып жатат. Аял өз максатын, багытын, чегин билсе, ар бир эркек түшүнөт, жөлөк-таяк болот деп ойлойм. Бакыт, сүйүү жана жакшылыктарга ар бир адам татыктуу!

Аял болуу оңойбу же акын болуубу?

– Негизи аял болууга караганда, акын болуу жеңилирээк деп ойлойм. Акындыктын да, аял болуунун  да чоң түйшүгү бар. Жаратканга чексиз шүгүр  келтирип, мындан аркы кадамдарыма ийгилик жана береке берүүсүн тилейм.