Индира Куралбекова: Кесиптик лицейди бүткөндөр жогорку окуу жайды бүткөндөрдөн көп каражат табышат
100-кесиптик лицейдин директору Индира Куралбекова 9-классты бүткөн окуучулардын арасында суроо-талап жогору болгон кесиптер жөнүндө айтып берди жана кесиптик билимге ээ адистер кээде жогорку окуу жайын бүткөндөрдөн көбүрөөк киреше табарын баса белгиледи.
– Индира айым, 9-класстан кийин мектепте окубайм, бир кесипке ээ болом дегендер кайсыл кесипти тандаса, туура тандоо кылган болушат?
– 9-классты эле бүтүп, кайсы бир кесипке ээ болом дегендер курулуш, жеңил өнөр жайы жана энергетиканы тейлөө тармагынын адистиктерине тапшырса болот. Ошондой эле азыр кирешени көп тапкан кесиптерге темир ширетүүчү, энергетик, автослесарь жана башка кесиптер кирет. Бул кесиптер жөнөкөй көрүнгөнү менен жогорку окуу жайды бүткөндөрдөн көп каражат табышат. Энергетикалык кесиптин да келечеги кең. Бүгүнкү күндө өлкөбүзгө мыкты энергетиктер жана техниктер абдан керек. Биздин бүтүрүүчүлөр ушул зарыл муктаждыкты камсыздап, өндүрүш тармагына өз салымдарын кошуп жатышат.
– Сиздин баамыңызда дагы кайсыл кесипке суроо талап күч?
– Бүгүнкү күндө курулуш, полиграфия жана IT тармагынын адистерине суроо талап күч.
– Кесиптик лицейдин кадыры көтөрүлүп, лицейден билим алууга ашыккандар көбөйүп калдыбы?
– Албетте, кесиптик лицейлердин кадыры көтөрүлүп, билим алгысы келгендер жылдан жылга көбөйүүдө. Себеби, контингент да көбөйүүдө. Анткени, эмгек рыногу жумушчу кадрларга болгон муктаждык көп экени байкала баштады. Жогорку билимдүү адистерге салыштырмалуу жумушчу кадрлардын айлык акысы кыйла жогору. Ошон үчүн жаштар жашоого реалдуу карап башташты. 100-кесиптик лицейи окутуп даярдап чыгарган адистер бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында энергетикалык обьектилеринде эмгектенип жатышат.
2025-2026-окуу жылын ийгиликтүү жыйынтыктап, 300гө жакын энергетик даярдадык. Бүтүрүүчүлөрдүн 50%га жакыны өлкөнүн бардык аймактарындагы РЭС, НЭСК, ТЭЦ сыяктуу стратегиялык маанидеги ишканаларга ишке орношуп жатышат. Ал эми ширетүүчүлүк жана тейлөө тармагындагы адистер социалдык объектилердин курулушунда жана жеке курулуш компанияларында эмгек жолун баштап жатышат. Кесиптик билим-келечекке ишеним жаратат.
