Таласбек Акылбеков: Binance Pay жана криптовалюталык төлөмдөрдүн келечеги
20 июнь

Таласбек Акылбеков: Binance Pay жана криптовалюталык төлөмдөрдүн келечеги

Криптовалюта барган сайын күнүмдүк жашообузга тереңирээк кире баштады, эми Binance Pay төлөмдөрүн жүргүзүү бардык дүкөндөрдө мүмкүн болот. Криптовалюта боюнча эксперт Таласбек Акылбеков жаңы технологиялар каржылык адаттарды кантип өзгөртөөрүн, эмне үчүн крипта акча эволюциясы катары каралаарын жана активдерди хакер жана алдамчылардан кантип коргоо керектигин айтып берди.

– Binance Pay көп дүкөндөрдө соода жасоо үчүн жеткиликтүү болот экен. Бул эмне жана жөнөкөй адамдарга кандай перспективалар бар?

– Дүйнө бир ордунда турбайт. Тарыхка кылчая турган болсок, алгач бартер болгон, адамдар күрүчкө этти же этти күрүчкө алмаштырышкан. Андан соң жаныңда алып жүрүү ыңгайсыздык жараткан алтын валютасы пайда болду. Анан кагаз акчалар чыкты. Азыр накталай акчаны дээрлик колдонбой калдык – баары QR-код жана банк карталары менен төлөнөт. Бул акча эволюциясы.

Эми адамдар криптовалютага өтүшүүдө, анткени, бул ыңгайлуу дагы, тез дагы. Web3 – заманбап дүйнөнүн бир бөлүгүнө айланып, активдүү өнүгүп жаткан жаңы технология.

– Криптовалютаны кайсы жерден сатып алууга болот?

– Binance Pay терминалдар аркылуу төлөмдү киргизет. CryptoBank деген компания бар – ал дүйнөдөгү борбордон ажыратылган, платформаны глобалдуу ишке ашырган алгачкы ончейн-банк. Бул посттерминалдар – ал аркылуу сатып алууларды криптовалюта, сом же башка валюта менен төлөөгө болот.

Криптовалютаны азыр биржалардан, мисалы, Binance же Bybitтен сатып алууга мүмкүн. Ошондой эле учурда тестирлөөдөн Дубайда өтүп жаткан криптоматтар орнотулат. Ал жакта мамлекеттик мекемелерди криптовалюта менен төлөмдөрдү кабыл алууга милдеттендирген мыйзам кабыл алынды.

Мындай мыйзам биринчи жолу Японияда кабыл алынган. Болжол менен 2014–2015-жылдары кабыл алынса керек эле жана ошондон бери өлкөдөгү бардык дүкөндөр биткоинди кабыл алышат. Бирок азыр биткоин менен төлөө пайдасыз – бул көбүрөөк санариптик алтын. Биз дүкөнгө алтын көтөрүп барбайбыз да, кагаз акча менен төлөп жатпайлыбы, ошол сыяктуу эле крипто дүйнөсүндө сатып алууларды төлөөгө ыңгайлуу болгон башка көптөгөн криптовалюталар жана стейблкоиндер бар.

– Криптовалюта менен акча топтогон адамдар хакердик чабуулдардан жана уурулуктан канчалык деңгээлде корголгон?

– Биржалардын бузулушу жана миллиарддаган доллардын уурдалышы жөнүндө көбү укса керек, мисалы, жакында эле эң ири Bybit биржасына чабуул болду. Албетте, бул адамдарда коркуу сезимин жаратат. Эгерде сиздин каражаттарыңыз борборлоштурулган биржада болсо, анда чабуулга кабылуу коркунучу бар – хакерлер дайыма ушундай  платформаларга кол салышат. Бирок ошол эле учурда борбордон ажыратылган капчыктар бар, аларга ээси гана кире алат. Ал жерде сид-фраза (12 же 24 сөз) деп аталган нерсе бар, ал капчыктын ачкычы болуп саналат. Колдонуучу өз каражаттарынын коопсуздугу үчүн өзү жооп берет. Ачкычтарды телефондо же булуттарда санарип түрүндө сактоого болбойт. Сид-фразаны бир нече кагазга жазып, аларды ар кайсы жерлерде: үйдө, банктык ячейкада жана башка жерлерде сактаган жакшы. Ошондо сизден башка эч ким сиздин капчыгыңызга кире албайт.

– Криптовалюта колдонуучулары үчүн негизги тобокелдиктер кайсылар?

– Эң башкы коркунуч – колдоо кызматынын өкүлүбүз деп алдап, сиздин сид-фразаңызды алууга аракет кылган шылуундар. Бул фразаны эч качан жана эч кимге айтууга болбойт. Эгер сиз аны айтып алсаңыз, анда өз каражаттарыңызга жетүү мүмкүнчүлүгүнөн айрыласыз.

– Борбордон ажыратылган капчыктар кадимкидей эле иштейби?

 – Ооба. Дайыма акчаңызды сактап жүргөн кадимки банктай эле элестетиңиз. Блокчейн технологиясы – бул асмандагы банк сыяктуу. Анын ачкычы сизде гана, сиздин сид-фразаңызсыз эч ким кире албайт. Сиз каалаган капчыкты (TrustWallet, MetaMask жана башкалар) ачып, блокчейнде сакталган каражаттарыңызга кире аласыз – толугу менен ачык жана коопсуз система. Бардык транзакциялар көрүнүп турат, бирок ким кайсы капчыктын ээси экенин эч ким билбейт, бул купуялуулукту жана коопсуздукту камсыз кылат.

– Муздак капчыктар деген эмне жана алар эмне үчүн керек?

– Муздак капчык – бул интернетке кошулбаган флешка сыяктуу түзүлүш. Бул криптовалютаны, айрыкча чоң суммаларды сактоонун эң ишенимдүү жолу. Бирок бул жерде да тобокелдиктер бар: адамдар мындай түзүлүштөрдү жоготуп алган же анда чоң сумма бар экенин билбей кокусунан ыргытып жиберген учурлар көп.

– Криптоиндустрияга жаңы келгендерге кандай негизги кеңештерди берет элеңиз?

 – Коопсуздукту түшүнүүгө үйрөнүңүз, эч кимге өзүңүздүн сид-фразаңызды ишенип айтпаңыз, аны ишенимдүү сактаңыз жана ар кандай чабуулдар тууралуу жаңылыктардан улам дүрбөлөңгө түшпөңүз, коопсуздук биринчи кезекте сизден көз каранды. Криптовалюта – бул каржынын келечеги жана эң негизгиси – технологияларды акылдуулук жана этияттык менен колдонуу.