Сонунбү Кадырова: Буга чейин «бок курсак» деп жек көргөн «чоңдорду» азыр жакшы көрүп калдым
16 июнь

Сонунбү Кадырова: Буга чейин «бок курсак» деп жек көргөн «чоңдорду» азыр жакшы көрүп калдым

Маданий ишмер Сонунбү Кадырова 2024-жылдын соңунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган алгачкы үйдөн батирлүү болгон. Ачкычты болгондо да президенттин колунан алган. Ошондогу сезимдери жана деги эле өлкөдөгү жакшы жакка өзгөрүүлөр тууралуу пикирин Караван-Инфого айтып берди.

– Караколдо «Ынтымак» стадиону курулуп, элдин кубанычында чек жок. Салынып жаткан үйлөр, курулуп жаткан стадион, мектеп, бала бакчалар азыркы бийликтин иштеп жатканын далилдейби?

– Эми мындай курулуш баягы биз тамшанып айтып жүргөн советтик доордо деле болгон эмес. Бардык жерде салынып, курулуп, оңдолуп эле жатат. Эсептей да албай калдык чындыгында. Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Жаратканым ушул эки азаматка күч-кубат берсин. Чындыгында элге, жерге берилүү деген ушундай эле болот да. Бирок ушуну чын ниети менен колдоп, бөлүнгөн акчаны чып-чыргасын коротпой сарамжалдуу колдонуп, курулган курулуштардын сапатына өз менчигиндей караган өз адамдар керек. Өз адам дегеним элге күйгөн, элдик иш десе ичкен ашын жерге койгон Жапаров менен Ташиевдей дегеним.

– Мамлекеттин өнүгүп жатканын сезип атасызбы?

– Мамлекеттин өнүккөнүн сезмек түгүл жүрөгүм эс алып, чоңдор көзүмө жакшы көрүнө баштады. Болбосо баарын бок курсактар деп жек көрчүмүн. Менде да өз тармагыма өзгөрүү киргизип реформа жасасам деген чоң ойлор бар эле. Ошону угуп, ылайыгына жараша жол ачып берсе, белди бекем бууп жардам бермекмин.

– Конушуңуз жайлуу болсун. Жакшы райондон сонун үйгө ээ болдуңуз.  Үйгө ээ болгондогу  сезимдериңиз кандай болду?

– Али күнгө чейин деле ишене элекмин. Кудайга миң жалынып, катуу сүйүнгөндөн коркуп, бир кызыктай эле болдум. Айтаарга сөз калган жок. Бир гана президентке кечке рахмат айтып бүтпөй жатам. Анткени, үй алуудан үмүтүмдү үзүп, үйгө жетчү жолдун баш-аягы көрүнбөй амалым түгөнүп жашап жүргөм.

Кудайдан болуп Мамлекеттик иппотекалык компания аркылуу үйлүү болдум. Үйгө киргенимдеги сезимди сөз менен айтуу кыйын. Ар бир мыгына, ар бир кирпичине ыраазы болуп жүгүнүп кирип жатам. Ошол жердеги иштеп жүргөн ар бир уста көзүмө оттой көрүндү. Ошолордун колу тийди. Ылайым бизге үй берүүгө катыштыгы бар ар бир азаматтын  Кудай тилегин берсин деп жаратканга жалынып жатам.

– Президенттин колунан үйдүн ачкычын алдыңыз. Андагы көз ирмемди сүрөттөп бериңизчи?

– Бул учур, бул көз ирмем  өмүрүмдө  бирден бир жагымдуу мезгил болуп калды. Президент өзгөчө жакын, мээримдүү көрүндү.  Качантан берки өксүктөрүм төгүлүүгө даяр турду. Көз жаштарымды араң кармап, даярдаган сөздөрүм калып эле башка акыбалга кирип кеттим. Эгер мен ошол жерде катуу сүйлөбөсөм ыйлап туруп бермекмин. Президентибиз эки дүйнө жакшылыктын үстүндө болсун. Ыраазычылыгымда чек жок.