Урмат Такиров: Кыргызстан Ташкентке КМШда аналогдору жок инсулин шприцтерин тартуулады
Ташкентте «ИННОПРОМ. Борбор Азия» 5-Эл аралык өнөр жай көргөзмөсү ачылды. Иш чарага Россия, Өзбекстан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Азербейжан, Кытай, Түркия, БАЭ жана Сауд Арабиясы камтылган дүйнөнүн 35 өлкөсүндөгү компаниялардын өкүлдөрү катышууда. Көргөзмө Ташкенттеги CAEx Uzbekistan жаңы бизнес-аянтчасында өтүп жатат.
Кыргызстандын өкүлү, КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы «Кыргызэкспорт» борборунун директору Урмат Такиров атамекендик ишканалардын эл аралык рынокко чыгуудагы перспективаларына оптимисттик көз карашта.
– Көргөзмө тууралуу айтып берсеңиз. Кыргызстандык компаниялар буга чейин деле катышты беле?
- Биз «ИННОПРОМ. Борбор Азия» эл аралык көргөзмөсүнө биринчи жолу катышып жатабыз. Кыргызстандагы 8 өнөр жай компанияларын тааныштыруудабыз. Бул биз үчүн абдан маанилүү. Катышуучулардын көбү Өзбекстан менен чектешкен аймактардан келишкен, бул логистика жактан караганда абдан ыңгайлуу, рынокко жана потенциалдуу кардарларга жакын.
– Кандай компаниялар көргөзмөгө катышууда?
– Катышуучулардын арасында курулуш материалдарын жеткирүүчүлөр бар. Мисалы, автоклавдык газобетон блокторун, бул биздин чөлкөмдө көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда кеңири колдонулат. Ошондой эле көп кабаттуу да, аз кабаттуу да курулушта колдонулуучу фирброцементтик сайдинг тааныштырылды.
Экологиялык долбоорлор үчүн өзгөчө актуалдуу болгон саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды чыгарган компаниялар бар. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мындай технологиялар Ысык-Көлдө активдүү ишке ашырылууда: бардык эс алуу үйлөрү абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну минималдаштырат жана экология азыраак жабыркайт. Биз «Скай Тунук» компаниясын сунуштаганыбызда, ага ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн кызыгуусу жаралды.
Андан сырткары Ош облусундагы уникалдуу медициналык буюмдарды – анын ичинде КМШда аналогу болбогон инсулин шприцтерин чыгарган «Медитекс» компаниясы дагы көргөзмөгө катышып жатат. Жабдыктары – америкалык-япондук, чогултуу Шанхайда жүргүзүлөт. Бул жогорку технологиялуу продукция абдан чоң кызыгуу жаратууда. Өзбекстандын президенти стенддерди кыдыруу учурунда продукцияны үчүнчү өлкөлөрдөн эмес, бизден, коңшу мамлекеттен сатып алууну сунуштады. Биз бул сунушту иштеп чыгууга ниеттенүүдөбүз.
Ошондой эле айыл жергесинде сүт чогултууга арналган жана ресторан бизнесинде суроо-талапка ээ болгон металл буюмдарын чыгарган компания (Ош шаарында жайгашкан) тааныштырылды. Биз темирди Россиядан, Түркиядан жана Кытайдан импорттойбуз, андан буюмдарды өндүрүп, аны коңшу өлкөлөргө экспорттойбуз. Көргөзмөгө булардан башка брондолгон каалгаларды жана төлөм терминалдарын чыгарган өндүрүшчүлөр да катышты.
– Кандай ойлойсуз, көргөзмөгө катышуу ишканаларыбыздын ийгиликке жетишине өбөлгө болобу?
– Эл аралык соода – бул биринчи кезекте, сүйлөшүү процесси. Башкысы ишенимдүү өнөктөштөрдү табуу керек. Эгерде баасы жана сапаты канааттандырса, анда бардык зарыл процедуралардан кийин ийгилик сөзсүз келет.
Маектешкен Юрий Белолипецкий, Караван-Инфо, Өзбекстан.
