Равшанбек Сабиров: Социалдык контракттын алкагында кошумча 43 миң жумушчу орун түзүлдү
Кыргызстанда социалдык контракт түзүүдө төлөмдүн өлчөмүн көбөйтүү пландалууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров мекеменин аталган демилгеси жана башка пландары тууралуу айтып берди.
– Жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каржылык колдоону көбөйтүү программанын натыйжалуулугуна байланыштуубу?
– Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан баштап "Социалдык контракт" программасы жүзөгө ашырылууда, ал жакыр жашаган жана аз кирешелүү үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Мамлекеттен акча каражаттарын алуу аларга өз ишин ачууга жана ишкердик аркылуу оор турмуштук кырдаалдан чыгууга, турак-жай шарттарын жакшыртууга жардам берет. Үч жылдык тажрыйба көрсөткөндөй, социалдык контракт жумушсуздукту гана эмес, кошумча жумуш орундарын да түзөт.
Ошондуктан, социалдык контракт жумушсуздук чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Үч жыл ичинде республикалык бюджеттен 35 миңден ашык үй-бүлөгө 3,2 миллиард сом берилди. Андан сырткары, Дүйнөлүк банк тарабынан дагы 3 миң үй-бүлө кошумча каржыланды. Программанын катышуучуларынын ишкердик демилгелери аркылуу 43 миңден ашык кошумча жумуш орундары түзүлүп, 190 миңден ашык чоң адамдардын жана балдардын турак-жай шарттары жакшырды.
Үч жылдын ичинде жалпы 138 үй-бүлө ар кандай себептерден улам (форс-мажордук кырдаалдардын натыйжасында активдерди жоготуу, ооруга кабылуу ж.б.) социалдык контрактты ишке ашыра алган жок.
– Бүгүнкү күндө министрлик жумушсуздукту жоюу боюнча дагы кандай чараларды ишке ашырууда?
– Жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү активдүү эмгек рыногундагы чараларды жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат - бул жарыяланган вакансияларга туруктуу жумуш берүү, суроо-талапка ээ кесипке ээ кылуу үчүн кесиптик окууга жөнөтүү жана акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартуу. Өткөн жылы министрлик бул чаралардын баарына 20 миң адамды камтый алды.
Жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптер боюнча жүргүзүлдү. Алар: медайым, компьютер операторлору, ашпозчу, косметолог, чачтарач, массажист, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, электр жана газ ширетүүчү, сантехник.
Белгилей кетсек, бир жылдын ичинде жумушка жайгаштыруу кызматтарына билдирилген бош орундардын саны 19% га өскөн жана 27,9 миң вакансияны түзгөн, алардын арасында жумушчу кесиптерине суроо-талап басымдуулук кылган.
Жумушсуздарды тез арада ишке орноштуруу максатында бардык аймактарда жылына эки жолу вакансиялардын жарманкелери өткөрүлөт. 2024-жылы аларга 16,8 миң адам катышкан. Жарманкеге келген ар бир бешинчи адам жумушка орношкон же жумушка жолдомо алышкан.
Министрлик ишке орношууга көмөк көрсөтүү жана иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу максатында, Бирдиктүү Call-борборун (1221) ишке киргизди, ал зарыл болгон кадрларды табууга жардам берет. Жумуш издөөчүлөр учурдагы вакансиялар боюнча консультация ала алышат, ал эми иш берүүчүлөр телефон аркылуу же zanyatost.kg сайтына онлайн кайрылышса болот.
– Жаштар арасындагы жумушсуздукту азайтуу үчүн эмнелер жасалып жатканын айтып берсеңиз?
– Министрлик тарабынан Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Баткен шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда тогуз Профориентация борбору ачылган жана иштеп жатат.
Министрликтин кесипке багыт берүү борборлору жана аймактык бөлүмдөрү сапаттуу консультациялык кызматтарды көрсөтүшөт, окуучулар менен жумушсуздарга кесип тандоодо туура чечимдерди чыгарууга жардам беришет жана өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө өбөлгө түзүшөт. Отчеттук мезгил ичинде 79 249 жаран консультация алган.
Өткөн жылдан бери жаштардын эмгек жөндөмдөрүн, потенциалын колдоо жана өнүктүрүү максатында стажировкадан өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылып келет. 2024-2025-жылдары стажерлордун эмгек акысы айына 8600 сомду түзөт. Жаштар мамлекеттик жана жеке уюмдарда ар кандай кесиптер боюнча стажировкадан өтүшөт (кассир, социалдык кызматкердин жардамчысы, медайым, кредиттик адис, инженер, экономист, массажист, чачтарач, автоэлектрик, дизайнердин жардамчысы ж.б.).
Бүгүнкү күндө стажировкага 778 жаштар жөнөтүлүп, анын ичинен 161и стажировка өткөн жеринде жумушка орношкон.
