“Мекенимдин үзүмүн Кыргызстандан таптым”. Удмуртиядан келген туристтин баяны
14 сентябрь

“Мекенимдин үзүмүн Кыргызстандан таптым”. Удмуртиядан келген туристтин баяны

Кыргызстанга жыл сайын дүйнө жүзүнөн келген туристтердин саны көбөйүүдө. Алардын бири – Анна Алексеева, Удмуртиянын 33 жаштагы жараны, продакт-менеджер. Күйөөсү экөө жаратылышы жана маданияты менен тереңирээк таанышуу үчүн Кыргызстанда бир ай болууну чечишкен.  “Караван-Инфо” менен болгон маегинде каттаманы удмуртиялык табаниге окшотконун жана өзү үчүн Кыргызстанды кайрымдуу адамдардын, жагымдуу парктардын жана күтүлбөгөн ачылыштардын өлкөсү катары ачканын айтып берди. 

– Анна, айтсаңыз, Кыргызстанга кантип келин калдыңыз? 

– Ачыгын айтканда, бул күтүлбөгөн жерден болду. Башында күйөөм экөөбүздүн планыбызда бул жакка келүү жок эле. Бирок күйөөм тоолорду жакшы көрөт, анан бир күнү кайсы жакка баруу керектигин ойлонуп калды. Варианттарды издеп баштадык, Кыргызстанды тандадык. Ошентип, бул жакка биринчи жолу келип, дароо эле кыска эс алуу менен чектелбей, бир айга калууну туура көрдүк. 

– Биздин өлкөдөн кандай таасирлерди алдыңыз? 

– Мени эң таң калтырган – бул эли болду. Кыргызстанда өзүмдүн абдан жайлуу сезем, өз үйүмдөгүдөй эле. Бул жакта ачык, боорукер жана меймандос адамдар көп экен! Дүйнө жүзүндө көп саякаттадым, бирок ушундай жылуулук менен чын ыкластуулукту сейрек кездештиргем.  Жан дүйнөм так ушундан ырахат алууда. 

– Жергиликтүү ашкана жактыбы? 

– Мен тамакты тандап жейм, этти дээрлик жебейм. Бирок бул жакта койдун этин даамдап көрдүм, абдан жакты! Чыныгы ачылыш. Анан да каттаманы сүйүп калдым. Эмнеге экенин билесизби? Анткени, ал биздин, Удмуртиянын улуттук тамагы табанини эске салды. Бул таң калаарлык нерсе болду: мекенден алыста жүрүп, капысынан даамдар ортосундагы байланышты сездим. Андан улам бул жактагы жашоомо ансайын жылуулук уялады. 

– Көп саякаттаптырсыз. Кыргызстан башка өлкөлөрдөн эмнеси менен айырмаланат? 

– Бул менин болжол менен 30-өлкөм. Европаны, айрыкча Италияны жакшы көрөм, Түштүк-Чыгыш Азияда болдум. Жакында Өзбекстанда да болдук. Бирок бул жакка келгенимде, өзгөчө Алтын-Арашанга барганымда, Кыргызстан – бул мен сөзсүз түрдө кайтып келгим келчү жер экенин түшүндүм. Тоо, жашыл катмар, таза аба – мунун баары болуп көрбөгөндөй толкундантат. 

– А борбор калаа Бишкекчи, жактыбы? 

– Абдан жакты. Бишкек – ашыкча шөкөттөлбөгөн жайлуу жана бейпил шаар. Ал жандуу экени менен мага жакты, ушул нерсени адамды көп чарчатпайт. Айрыкча парктары жакшы таасир калтырды: кызыган асфальт менен, “таш джунглисинде” баратасың, анан эле капысынан жашыл, мелүүн аймакка туш келесиң. Бул жашоонун уурттамындай сезилет. Башкысы – шаардын четинде көптөгөн жаратылыш локациялар бар, дем алыш күндөрү ал жакка барсаң болот. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн борбор калаасында мага так ушул жетишчү эмес. А Кыргызстанда – ар бири өзүнчө мүнөзгө ээ толтура көлдөр бар. 

– Кайсы жер сизге өзгөчө элестерди калтырды? 

– Алтын-Арашан. Бул жерде өзүмдү чыныгы бактылуу сездим. Жаратылышты сүрөттөөгө сөз жетпейт. 

– Сиз күйөөңүз саякатка чыкканын айттыңыз, сиз эмнеге чогуу барбадыңыз? 

– Күйөөм хайкинг менен алектенет жана Тянь-Шань тоолоруна он күнгө кетти. Бул татаал саякат, чогуу барууга эрким жетпеди. Анын ордуна Алтын-Арашанга тур тандадым жана бул үчүн такыр өкүнгөн жокмун. Эң сонун чечим болуптур. 

– Кыргызстанга дагы да келесиздерби? 

– Сөзсүз. Бул жактан бир гана таң калаарлык жаратылышты эмес, тамак-аштан, адамдардан жана атмосферадан мекенимдин бир үзүмүн да таптым. Бул өлкө мен үчүн күч топтоочу жай катары дагы көп жолу өзүнө тартаарына ишенем.