Атлант адиси Тилек Нарбаев : Оорудан дары-уколсуз айыккан адамдын организми өз кызматын толук аткарууга мүмкүнчүлүк алат
20 январь

Атлант адиси Тилек Нарбаев : Оорудан дары-уколсуз айыккан адамдын организми өз кызматын толук аткарууга мүмкүнчүлүк алат

Заманыбызга жараша оорулардын түрү жана аларды дарылоонун ыкмалары көбөйдү. Анын бири – атлант процедурасы. Бул процедурага кайрылган адам көйгөйүнөн дары-дармексиз арылат. Ал кандай жол менен жасалаарын атлант адиси Тилек Нарбаев “Караван-Инфого” айтып берди. 

– Атлант процедурасы деген эмне? Сөөктөрдү түздөөбү же мануалдык терапиябы? Дары-дармексиз, уколсуз айыктыруунун сыры эмнеде?

– Атлант процедурасы деген биринчи, моюн омуртка атлантынын баш менен байланышкан тарамыш булчуңдарын аппарат менен массаж кылып жумшартуу. Жумшарганда башка өткөн нерв жана кан тамырлары кысылуудан бошойт. Бул костправдык же мануалдык ыкмага кирбейт, аппараттык ыкма болуп саналат. 

Дары-уколсуз айыктыруунун сыры - ооруп аткан органдын же бүтүндөй организмдин өзүнүн кызматын толук кандуу аткарышына шарт түзүп берүү. Мисалы, баш оору, эгерде анын себеби моюндан экени аныкталган болсо, анда биз баштын нервин жана кан менен камсыз кылуучу тамырларын бошотуп койсок, оору ошол замат же кайсы бир убакыттан кийин токтойт.

– Сөөк, кан тамыр менен иштөө өтө этияттыкты талап кылат эмеспи, бул жаатта билим, тажрыйба сөзсүз керек, сиздин тажрыйбаңыз канчалык? Кайсы жактан билим алгансыз, ден соолукту чыңдоо жаатында алектенип баштаганыңызга канча болду?

– Эки окуу жайында окугам. Биринчи билимим - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде конфликтология адистиги боюнча. Экинчи жолу медициналык кызматкер адистигин алдым. Массаж жана гимнастика жаатында жалпысынан 15 жылдан бери иштеп келе жатам. 
Менин негизги багытым массаж жана гимнастика аркылуу ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү. Ал эми сөөк жана кан тамырлар менен түздөн-түз иштебейбиз. 

– Азыр чындыгында сиз жардам бере алчу, ошол эле мигрень, грыжа, давление, сколиоз, омуртка ооруларынан жабыркаган адамдар көп. Бирок дарыланууга келгенде медикаменттик дарылануу же сиз сыяктуу адистерге кайрылууда кайчы пикирге туш келишет. Сиз өзүңүз сунуштаган процедуранын кандай артыкчылыктарын белгилей аласыз жана мындан айыгып чыккандар практикаңызда болгонбу?

– Атлант процедурасынын артыкчылыктары – сөөктөргө жана кан тамырларга жасалбагандыктан анын эч кандай зыяны жок, ошондой эле көпчүлүк учурда баш оорунун өнөкөт жана курч абалдарында дароо жардам берет. Айыгып чыккандар боюнча эсимде калган эки-үч учурду айта алам: ооруканаларда, ал турмак жандандыруу бөлүмүндө да жатып, бирок жакшы боло албаган бейтап бизге кайрылышкан, биздин процедурадан дарттарына даба табышты. Биз Инстаграм баракчабызга жакшы болуп, ыраазычыгын айткан кишилерди дайыма чыгарып келебиз. 

– Эмнеге моюндагы грыжа, потрузияны дарылоону сунуштагандар көп, бирок ошол эле учурда моюндагы гемангиома тууралуу эч жерде эч нерсе айтылбайт. Моюндагы гемангиома тууралуу эмнелерди айта аласыз?

– Негизи гемангиома биз дарылаган оорулардын тизмесине кирбейт. Гемангиома –бул омурткада кан уюгу бар дегенди билдирет. Анын себеби абдан көп: травма, зат алмашуунун начарлашы, остеохондроз, грыжа, протрузия ж.б. Демек дарылануу ушул себептерди же факторлорду жок кылуу багытында жүрүшү керек. Кандай жол менен? Биздин сунушубуз – массаж, дем алуу гимнастикасы жана атлант процедурасы. 

– Көп адам өзүндө грыжа бардыгын билбей жүрүп, башка эле себеп менен МРТга түшүп, ошондо гана грыжа бардыгын билип калганын айтышат. Грыжа өзү тууралуу көп билдире бербейби? Анын кандай өзгөчө белгилери бар?

– Омуртка тутумунда жүлүн жана анын тамырлары бар. Омуртканы үч бөлүккө бөлөбүз: моюн, көкүрөк жана бел. Нерв тамырлары кайсы бөлүктө кысылган ошого жараша оору белгилери болот. Эгер моюнда остеохондроз, грыжа же протрузия болсо, алгач моюн талып, уюшуп, дискомфорт болот. Күчөгөн учурда моюн ооруйт анан оору башка берет, колдор чымырашы мүмкүн. Грыжа көкүрөктө болсо өпкө, жүрөк жана ички органдардын иштешине таасир этет. Белде болсо бел ооруйт, анан буттарга таасир этет. 

– Моюн грыжасы эмнеден пайда болот жана андан толук айыгып чыгуу мүмкүнбү?

– Моюн грыжасы травмадан же остеохондроздон болушу мүмкүн. Айыгуу үчүн дарылоо жолун туура тандоо керек. 

– Кан тамырлардын кысылуусун сиз кантип дарылайсыз? Бул оору эмнеси менен коркунучтуу жана кантип алдын алууга болот? Анын келип чыгыш себеби эмнеде?

– Кан тамырлардын кысылуусун биз массаж, атлант жасоо жана гимнастика жолу менен дарылайбыз. Бул оорунун пайда болушунун негизги себеби – аз кыймылдуулук жана туура эмес тамактануу. Коркунучтары: баш оору, баш айлануу, кан басымдын жогорулашы же төмөндөшү, угуунун жана көрүүнүн начарлашы, инсульт ж.б. 

– Баш оору өзүнчө оорубу же сиз дарылай турган тизмедеги оорулардын коштоочусубу?

– Баш оорулардын себептери көп, алар: баштагы же моюндагы травма, көбүнчө моюндагы тамырлардын кысылып калганынан келип чыгат. Ошондай эле, кээ бир учурларда тубаса баш оорулар болоорун да белгилей кетейин.  

– Сиздерге бейтаптар алдын ала такталган диагнозу менен барабы же диагнозду өзүңүздөр коесуздарбы? Кандай жол менен?

– Бейтаптарды алдын ала текшерүүдөн өтүп, керектүү анализдерди тапшыргандан кийин, медициналык изилдөө кагаздары менен кабыл алабыз. Атлант омурткасындагы кысылууну болсо, өзүбүз кол менен кармап билебиз. 

– Дайыма энергиясы жок жүргөн адамдар болот, алардын көйгөйү эмнеде жана аны жоюунун жолдору барбы?

– Өнөкөт чарчоо же энергиянын жетишсиздигинин себептери көп. Негизгилери аз кыймылдуу жашоо образынын айынан зат алмашуунун начарлашы, ашыкча психикалык процесстер: стресс, ачуулануу, агрессия же басынуу ж.б. эмоциялар, уйку гигиенасынын бузулушу жана гимнастиканын жетишсиздиги. 

Мындай абалдан чыгуу жолдору: дем алуу гимнастикалары, массаж, анан энергиянын кантип коротулуп жатканын анализ кылуу, түшүнүү.

Клиниканын дареги: Бишкек шаары, Абай көчөсү - 18/1
Инстаграм
atlant.kg_