Талант Озокеев: Классиканын ордуна экзотика. Кыргызстандыктар кышында эс алууга кайсы багытты тандашат
Туризм рыногунда жаңы жылдык каникул дайыма суроо-талапты көп жараткан мезгил. Кыргызстандыктар кайсы жактан Жаңы жыл тосууга даяр, кайсы багыттар таңкыстыкка айланды, а кайсылар тескерисинче, популярдуулугун жоготууда жана бүгүн көп акча талап кылбаган кышкы эс алууга учуп кетүүгө болобу - бул тууралуу “Бифлай Трэвэл” туристтик компаниясынын негиздөөчүсү Талант Озокеев айтып берди.
– Талант, өткөн жылга салыштырмалуу бул жылдагы жаңы жылдык каникул учурундагы туристтик сапарларга болгон суроо-талаптар кандай болууда?
– Жалпысынан бул жылы туристтик суроо-талап былтыркыдай эле. Бирок бир маанилүү айырмачылык бар. Вьетнам багытына, негизинен Фукуок аралына кызыгуу байкалаарлык өстү. Азыр Бишкектен жумасына 3 каттам жасалууда, анын баары жүргүнчүгө толгон. Башкы маселе – мейманканаларда бош орундар дээрлик жок. Ошол эле учурда Дубайга барууну каалагандар азайды, бул жылы бир гана авиакомпания иштеп жатат. Андан тышкары Таиландка да өткөн жылга салыштырмалуу 2025-жылы кызыгуу ылдыйлады.
– Кыргызстандыктардын арасында Жаңы жылга жана кышкы каникулдарга карата кайсы багыттар популярдуу?
– Эгерде суроо-талаптын рейтингин алсак, анда биринчи орунда Фукуок турат. Экинчиде – Египет, а үчүнчү орун – Дубайда.
– Жаш балалуу үй-бүлөлөр көбүнчө кайсы багытты тандашат? А жаштарчы?
– Балдары менен чогуу эс алууну каалаган үй-бүлөлөр Египет менен Фукуокко басым жасашат, ал жакта эс алуу форматы жана инфраструктура ыңгайлуу. Жаштар көбүнчө Таиланд, Вьетнам жана Дубайга барышат.
– 2025-жылы суроо-талапка көбүрөөк ээ боло баштаган өзгөчө же жаңы багыттар болдубу?
– Ооба, бир топ экзотикалуу багыттарга кызыгуу байкалаарлык жогорулады. Филиппины, Маврикий, Сейшелы боюнча көп сурашып башташты, кээде Занзибар, ошондой эле Сингапурга да кызыккандар кездешет. Бул багыттар мурдагыга салыштырмалуу суроо-талапка көбүрөөк ээ болууда.
– Баары эле үнөмдүү эс алууну каалашса керек, Жаңы жылдык саякаттарды качан ээлеп коюу арзаныраак чыгат?
– Жаңы жылдык турларды брондоо үчүн эң пайдалуу убакыт – бул октябрь жана ноябрдын башы. Негизи сентябрдын аягынан тартып брондой берсе болот, ал убакта багыттар жана мейманканалар боюнча тандоо кененирээк.
– Мисалы, кышкы каникулда арзаныраак эс алууну бүгүн тандоого мүмкүнчүлүк барбы?
– Тилекке каршы, каникул учурунда арзан эс алуу такыр мүмкүн эмес. Эгерде эле суроо-талапка ээ эмес же мезгилге ылайык келбеген багыттарды тандабаса, мисалы, Азербейжан же Стамбулду. Ушул багыттар боюнча гана бир топ жеткиликтүү варианттарды табууга болот.
– Кайсы багыттардын баасы баарынан кымбаттады, а кайсы багыттар салыштырмалуу жеткиликтүү бойдон калууда?
– Фукуок менен Вьетнам баарынан кымбаттады, бул биринчи кезекте мейманканалардын жетишсиздигинен улам. Бош оруну бар отелдер кымбат сурап башташат. Египеттеги мейманканалар бир гана жаңы жылдык мезгилде эмес, деги эле 2025-2026-жылга наркты көтөрүштү, анын айынан турлардын баасы да кымбаттады.
Дубайда да баалардын өсүшү байкалууда, буга инфляция таасирин тийгизди. Түрк отелдери дагы жылдан жылга бааларды кымбаттатышууда, ошол эле убакта Түркия боюнча брондоо ыргагы жана жалпы суроо-талап азаюуда. Бул жылы суроо-талап өткөн жылга салыштырмалуу аз болду, бирок ага карабай баалар кайрадан көтөрүлдү. Кыязы, алдыда түрк багытына карата кызыгуу ылдыйлайт окшойт.
Жайында Бишкектен жана Алматыдан Вьетнамга – Нячанг менен Данангга аба каттамдары ачылаары күтүлүүдө. Бул багыттар өздөрүн жакшы көрсөтүшүүдө: “баары ичинде” форматы, өнүккөн инфраструктура жана көңүл ачуулар барган сайын аларды Түркия менен Египеттен да көбүрөөк жагымдуу кылууда.
