Манас ОСМОН: Бул парламентти башка, көзгө койгулаган менен керектүү мыйзамдарды кабыл алып берди
6 сентябрь

Манас ОСМОН: Бул парламентти башка, көзгө койгулаган менен керектүү мыйзамдарды кабыл алып берди

Кыргыз коомчулугунда Жогорку Кеңештин VII  чакырылышынын депутаттары  өзүн-өзү таркатат, шайлоо мөөнөтүнөн мурун шайлоо болот  деген божомолдорго туш болушту. Биз эркин жана анализи күчтүү  журналист Манас Осмон менен баарлашып, парламенттин айланасындагы суроолорго жооп алууга аракет кылдык.  

– Манас мырза,   Жогорку Кеңеш  мөөнөтүнөн мурда шайлоого аттанат деген имиштер тарады.  Парламенттин өзүн-өзү таркатуу зарылчылыгы пайда болдубу? Негизи эле бул парламент миссиясын аткара алдыбы? 

– Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркашы бир зарылчылык. Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын январь айында ал эми парламенттик шайлоо 2026-жылдын аягында өтүшү керек. Мындан улам эки шайлоону бир мезгилде өткөрүүгө мүмкүн эмес. Менин оюмча, парламент милдеттерин так, даана аткарып, кетип жатат. Бийлик сокур ичегисин кесип жатканда анын эпкини депутаттарга да тийди. Натыйжада, тазаланды, криминалдык элементтерге кулдук урган, көчүгүндө калбыры бар эл өкүлдөрү кетти. Бул парламентти башка, көзгө койгулаган менен тарых алдында чечүүчү кадамдарды жасап берди. Эң негизгиси, чек ара боюнча маселеде жалтактаган депутаттар болгон жок. 

– Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Демек, оңдоп, түзөлгөн жаңы имараттарга жаңы депутаттар келет деген имиш чындыкка жакындадыбы?

– Маселе, жаңы имаратка кимдердин келип отурушунда эмес. Кимдердин депутат болуп келишинде. Жаңы чакырылыш тандалып, бийликтен бата алгандар келеби же, адилеттүү шайлоо өтөбү? Ал башка маселе. Маселен, азыр "паланча бата алыптыр, түкүнчө бата алалбаптыр" деген имиштер тарап жатат. Бул жол менен келген парламент элдин купулуна толбойт.