Ализа Солтонбекова: Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн кызматтар кеңейүүдө
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду менен биргеликте майыптыгы бар адамдар үчүн багытталган – техникалык каражаттар менен камсыздоодон тартып заманбап реабилитациялык борборлорду курууга чейинки бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Бул демилгенин шарапаты менен миңдеген жарандар бир топ өз алдынча жана толук кандуу жашоого мүмкүнчүлүк алышат.
Биз эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова менен социалдык тармакты өнүктүрүү багытындагы учурдагы долбоорлор жана пландар жөнүндө маектештик.
– “Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду менен кызматташтыгыңыздар тууралуу айтып берсеңиз?
– Биз бул фонд менен 2018-жылдан бери кол коюлган меморандумдун негизинде иштешип келатабыз. Бул убакыт аралыгында көптөгөн маанилүү долбоорлор ишке ашырылды – социалдык кызматкерлерди окутуудан тартып жарандарды кресло-коляска менен камсыздоого чейин. Жыл сайын фонд 700 чакты атайылаштырылган кресло берет, бул кызматкерлердин ишин жеңилдетет жана бейтаптардын реабилитациясынын сапатын жакшыртат.
– Жарандардын кайсы категориясы жардам алышат?
– Биринчи кезекте – бул психоневрологиялык жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу бар адамдар, ошондой эле оор турмуштук жагдайга туш келген улгайган жарандар. Социалдык мекемелерде жана жеринде – аймактарда иш алып барабыз. Программа улуу муундагы жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга, алардын өз алдынчалуулугун жана социалдык бакыбаттуулугун жогорулатууга багытталган.
– Социалдык мекемелерде мониторинг жүргүзүлөбү?
– Ооба, жакында эле 17 социалдык мекемеге учурдагы абалын, көйгөйлөрдү аныктоо жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын (майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттери үчүн төлөнчү төлөмдү дагы) талдоо үчүн масштабдуу мониторинг жүргүздүк.
– Майыптыгы бар балдарга карата келечекте кандай пландар бар?
– Биз балдар эрезеге жеткенден кийинки жашоосу кандай өңүттө уланаарын анализдейбиз. Алардын укугун коргоону жакшыртып жана колдоонун жаңы формаларын өнүктүрүү максатында. Өкмөттүн 2018-жылдын 23-ноябрында кабыл алынган №556 токтомуна өзгөртүү киргизүүнү министрлик сунуштоодо. Анын ичинде маанилүү өзгөртүүлөр:
* “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам” терминин “майыптуулугу бар адам” терминине алмаштыруу;
* кам көрүү зарылдыгын аныктоо жана муктаждардын тизмесин Республикалык медициналык-социалдык эксперттик борборго жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү;
* 3 жаштан ашкан балдардын жеке ассистент кызматына болгон укугун бекитүү;
* ассистенттерге өз кызматынын сапатын кармоо менен бирге башка жумушта иштөөгө же ишкерчилик менен алектенүүгө уруксат берүү.
– Жаңы реабилитациялык борборлорду кайда курууну пландап жатасыздар?
– Президенттик фонддон Ысык-Көл жана Ош облустарында эки заманбап борборлорду түптөөгө каражат бөлүндү. Ал жакта майыптуулугу бар балдар жана улуулар үчүн эмгек реабилитациясы, социалдаштыруу, окутуу жана колдоо камтылат.
– Ал борборлор үчүн кадрлар даярдалабы?
– Ооба, азыр министрликтин алдында бир реабилитациялык борбор иштейт. Андагы заманбап жабдуулар жана даярдыктан өткөн персонал бардык жаңы борборлор үчүн база болуп берет.
– Майыптыгы бар балдарга кандай кызматтар көрсөтүлөт?
– “Келечек” реабилитациялык борбору кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштайт:
* медициналык-социалдык реабилитация – физиотерапия, массаж, ЛФК, парафин-озокерит терапиясы, стоматологиялык кызматтар;
* психологиялык-педагогикалык реабилитация – логопедиялык жана дефектологиялык коррекция, психолог менен сабактар, майда моториканы өнүктүрүү, тактилдик массаж, арт- жана музыка терапиясы, эрготерапия, сенсордук бөлмөлөр;
* алыскы аймактардан келген балдар үчүн төрт маал тамактануу менен бир айга чейин жатып дарылануу;
* Бишкек шаарындагы жана анын тегерегиндеги аймактардан келген балдар үчүн күнүнө 3 сааттан, эки айга чейин амбулатордук дарылануу;
– Мектептердин же ооруканалардын базасында жайларды ижарага алуу пландаштырылуудабы?
– Биз Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш аркылуу бардык иштеп жаткан реабилитациялык борборлорго анализ жүргүзүп жатабыз. Башкарууну Эмгек министрлиги аркылуу борборлоштуруу пландаштырып жатабыз, бул көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында.
– Кандай кошумча кызматтар өнүгүп жатат?
– Ортопедиялык бут кийимдердин сапатын жакшырттык жана колдун “Киби”, “Инди”, “Бионика” заманбап протездерин колдоно баштадык. Өткөн жылдан бери 26 бала 1,5 миллион сомдон ашык суммага акысыз кол протездерин алышты. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси 13 миңден ашык майыптыгы бар адамдарга, анын ичинде 5 900 балага кызмат көрсөтөт жана 150дөн ашык продукциянын түрүн чыгарат.
– Активдүү узак жашоо программасы ишке ашырылабы?
– Ооба, улгайган жарандар үчүн жети геронтологиялык борбор куруу пландаштырылууда. Бул алардын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берип, баарлашууга, эс алууга жана активдүү узак жашоого шарттарды түзөт.
– Майыптыгы бар балдардын ата-энелерине эмне дегиңиз келет?
– Ата-эне түбөлүктүү эмес, ошондуктан, биздин милдет – балдарды өз алдынчалуулукка үйрөтүү, коомго адаптациялоо жана аларга бардык керектүү кызматтар жана мүмкүнчүлүктөргө жеткиликтүүлүктү камсыздап берүү.
