Жылдыз Полотова: Лидер – качпайт, сынбайт, ар бир көйгөйдөн да өзүнүн жоопкерчилигин табат
25 ноябрь

Жылдыз Полотова: Лидер – качпайт, сынбайт, ар бир көйгөйдөн да өзүнүн жоопкерчилигин табат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова “Караван-Инфо” менен болгон маегинде аялдар лидерлиги жана ага жеткирчү сапаттар тууралуу айтып берди. 

– Аял лидерлиги дегенди кандай түшүнөсүз? 

– Аял лидерлиги биринчи кезекте өзүн - ички потенциалын, бардык мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүп, өнүктүргөндөн кийин ошол жол аркылуу коомго жана башка аялдарга үлгү болуу. Биринчи кезекте сен өзүңө үлгү болушуң керек, андан кийин башкаларга.  Жашоо бир тилкеде кетпейт да, кыйынчылыгы болот, ошондой маалда аны жеңүү жана жеңип чыгууда аялдын коомдогу ордун көрсөтүп, жаңы көз караштарды киргизүү жана башка жарандарды да шыктандыруу лидерлик деп ойлойм.

Менимче, аял лидерлиги бала кезден башталат. Мектеп курактан тартып жакшы окуп, бардык нерсеге жоопкерчиликтүү мамиле жасоо калыптана баштайт. Абдан көп кыздар кичине кезинен эле өзүнүн кошумча кызыгуусун – хоббисин колго алат. Албетте, айрымдардын ошол эле музыкалык мектепке же спорт ийримине барууга мүмкүнчүлүгү болбой калышы мүмкүн. Бирок ошентсе ал кыздар өздөрүн башка чөйрөдөн көрсөтө алышат. Мисалы, 1-класска барганымда ата-энеме ага чейин эч нерсе суранчу эмесмин, биринчи жолу айтканмын: “Мага фортепиано сатып бериңиздер”, - деп. Аны угуп калган чоң атам “аны алып берип кызыңарды артист кыласыңарбы?” – деп калды. А мен артист болбой турганымды, бирок сабагымдан сырткары өзүм үчүн музыканы да үйрөнгүм келээрин айттым. Ошондо, чоң атам ыраазы болуп, “бул кыз эмне сураса баарын алып бергиле”, - деди эле. Муну менен эмнени айткым келип жатат, кыз киши лидерлик сапатын өнүктүргүсү келсе билимин ар тараптуу жогорулатуунун жолун издеши керек. 

– Сизге лидер катары калыптанышыңызга эмне жардам берди? Кандай жеке сапаттарыңыз, сырткы жана ички чөйрө таасирин тийгизди?

– Албетте, лидер айым болуу үчүн абдан көп сапаттар керек. Бирок мен негизги үч сапатты бөлүп көрсөтөт элем. Биринчиден, аял киши, бир гана аял эмес, ар бир адам өзүн өзү сыйлай билиши керек. Кандай потенциалы болсо, анын баарын колдонгонго мүмкүнчүлүк түзүп, максат коюп жана ага жетиши керек. Сенин максатың коомго жана элге пайда алып келүүгө үндөшсүн жана ага жетүүдөгү өз ордуңду тааный бил. Экинчиден, жоопкерчилик жана чыдамкайлык. Лидер айымдардын башынан көп кыйынчылык өткөн. Бирок алар качпады, сынбады, кайра ошол көйгөйдүн үстүнөн иштеп, жоопкерчилигин көрсөтүп, чыгууга жол таба алды. Ар бир аялда жоопкерчилик менен чыдамкайлык болсо, ал сөзсүз ийгиликке жетет. Үчүнчү, өзүңдү гана эмес, башкаларды да уга билүү.

Мен ушул убакка чейин кол алдымда иштеген кызматкерлердин, арасынан кыз-келиндердин бир гана жумуш маселеси эмес, жеке турмушунда, жашоо-шартында кандай көйгөй бардыгын билүүгө аракеттенип келатам. Бирок тилекке каршы, канчалык жогорку тепкичке чыккан сайын убакыт да ошончолук тар болуп калат экен. Анткен менен кызматкерлеримдин ар бир маселесин баамдап турууга аракетимди жоготкон жокмун. Так ушул өзүңдү гана эмес, өзгөнү да уга бил деген принцибим лидерлик сапатымды өнүктүрүүгө да жардам берди. Сен уга билген адамдардан ар тараптуу колдоо табат экенсиң. Бул дагы ишиңди кайсы бир деңгээлде жеңилдетет. 

Дагы бир нерсе – лидер айым кол алдындагы кызматкерлерге багыт берүүгө көнүүсү керек. Ал үчүн талыкпаган эмгек талап кылынат. Лидер айым багыт берип жаткан учурда өзү да көп нерсени үйрөнүп, өзү үчүн чоң ачылыштарды ачат. Ар тараптуу билим лидердин кайсы чөйрөдө жүрбөсүн, берилген суроолорго эркин жооп бере алаарын шарттайт. 

– Лидер катары калыптанууда кандай тоскоолдуктарга туш болдуңуз жана азыр да кандай тоскоолдуктар кездешүүдө? 

– Ар бир кыз баланын лидер катары өнүгүүсүнө биринчи кезекте айлана –чөйрөсү чоң жардам берет экен. Менин лидер катары калыптанышыма ата-энемдин салымы чоң. Аны менен кошо чоң ата-чоң апамдын, таята-таенемдин жана тукумубуздагы улуу муундардын ар биринин насаатын угуп, акылын тыңшап калдык. Кыргыздар кыздын наркын түшүнгөн, кыз баланын орду дайыма бийик болгон. Заман, коом алмашкан сайын ага жараша кыз баланын орду да ар кандай болот экен да. 

Дагы бир белгилей кетчү нерсе, апам дагы жаш кезинен лидер айым болуп келген. Жогорку окуу жайын аяктап келгенден кийин мектепте 1 жыл гана иштеп, андан соң райондогу жетекчиликтин көзүнө түшүп, чыгаан кадр болот  деп, комсомолдун биринчи катчылыгына бекитишкен экен. Ошондон бери апам да, атам да кызматта, ар кайсы тепкичте иштеп келишкен. Апам көп жагынан мага чоң үлгү болду, ар бир баскан жолу менин да туура тандоо жасашыма жардам берди. 

Андан сырткары, дагы бир белгилечү нерсе, адам баласынын кандай болуп калыптанышына бир гана ата-эне же тууган-уругу эмес, окуган мектеби, иштеген жери, дегеле айлана-чөйрөсүнүн да таасири чоң. Мен мугалимдерден жолдуу болдум, биринчи мугалимим Замира Насыровна, андан кийинки мугалимдерим да баланын ички дүйнөсүн окуй алган педагогдор. 

Эмгек жолдо кесиптештерден дагы сенин кандай адам болооруңа салымын кошкондор учурайт. Мен жолумда жолуккан ар бир адамдан, мисалы канча жетекчи, министрлер менен иштештим, ар биринен жакшы жактарын, сапаттарын алып калууга аракеттенем.