Уран Темирбеков: Кыргызстандын АКШнын негизги өнөктөшү болууга мүмкүнчүлүгү бар
Америкалык бизнестин Кыргызстандагы катышуусу чектелүү, бирок биздин өлкөнүн Борбордук Азиядагы АКШнын негизги өнөктөшү болуу мүмкүнчүлүгү бар, дейт КР Соода-өнөр жай палатасынын Чикагодогу өкүлү, “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду – Долбоордук кеңсе” коомдук фондунун төрагасы Уран Темирбеков.
Анын пикиринде, бул үчүн америкалык инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Дегеле Кыргыз Республикасындагы чет элдик ишкерлерди кандай бизнес кызыктырат жана эки өлкөнүн кызматташтыгын кантип активдештирүү керек, баары “Караван-Инфо” менен болгон кызыктуу маегинде.
– Уран Темирбекович, быйыл КР Соода-өнөр жай палатасынын жана АКШ бизнесинин өкүлдөрү үчүн роуд-тур уюштурулду. Сапардын максаты жана жыйынтыгы тууралуу айтып берсеңиз.
– Сапардын негизги максаты кыргыз-америкалык бизнес байланыштарын чыңдоо, кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издөө жана инвестиция тартуу болду. Биз Америка бизнесине Кыргызстан жаратылыш ресурстары, айыл чарбасы, текстиль же IT тармагында болобу, чоң потенциалы бар өлкө экенин көрсөткүбүз келди.
Сапардын жүрүшүндө өнөктөш болууга кызыккан америкалык компаниялардын өкүлдөрү менен байланыш түзө алдык. Энергетика, туризм жана экологиялык таза продукцияны экспорттоо боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды. Сапардын катышуучулары америкалык кесиптештердин бизнести башкаруу жана заманбап технологиялар жаатындагы тажрыйбасы менен да таанышышты, бул албетте ата мекендик бизнести өнүктүрүү үчүн пайдалуу болот.
– Сиздин оюңузча, кыргыз-америкалык ишкер мамилелер кандай өнүгүп жатат? Кандай барьерлерди көрүп жатасыз жана мамилелерди активдештирүү үчүн эмне кылуу керек?
– Бүгүнкү күндө биздин экономикалык мамилелерибиз активдүү калыптануу стадиясында турат жана мен мындан чоң келечекти көрүп турам. Америкалык бизнес Борбор Азиянын аймактарына кызыгуусун көрсөттүүдө, андыктан Кыргызстандын негизги өнөктөш болууга мүмкүнчүлүгү бар.
Бирок айрым барьерлер бар. Мисалы, Кыргызстан тууралуу инвестициялык аймак катары маалыматтын аздыгы, бюрократиядан улам бизнес жүргүзүүнүн кыйынчылыгы, мыйзамдык тобокелдиктер, ошондой эле алыстыктан улам логистикалык көйгөйлөрдүн жаралышы.
Кызматташтыкты активдештирүү үчүн чет элдик инвесторлорго ачык-айкын жана түшүнүктүү шарттарды түзүү зарыл. Ошондой эле Кыргызстанды эл аралык инвестициялык форумдарда таанытуу, салыктык жеңилдиктерди сунуштоо жана бизнести колдоо үчүн инфраструктураны өнүктүрүү маанилүү.
– Сиз АКШнын Соода жана өнөр жай палатасы менен иштешесизби? Кайсыл аймактарда иштеп жатасыз?
– Ооба, биз АКШнын Соода палатасы менен активдүү иштешип жатабыз. Биздин кызматташуубуз Кыргызстанга инвестиция тартууга, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө жана ишкерлерди окутууга багытталган. Мисалы, биз биргелешкен форумдарга жана бизнес-миссияларга катышабыз, биздин рынокко кызыкдар болушу мүмкүн делген потенциалдуу инвесторлор жана америкалык компаниялар менен жолугушууларды уюштурабыз. Айрыкча GSP (ВСП) демилгесинин алкагында Кыргызстандын продукциясын жаңы бөлүштүрүү каналдарын түзүү боюнча да иштер жүрүп жатат.
– Америкалык инвесторлорду Кыргызстандагы кайсы тармактар кызыктырат деп ойлойсуз?
– Америкалыктарды өзгөчө кызыктырган бир нече чөйрөлөр бар. Биринчиден, бул гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары
– Кыргызстан али толук иштетиле элек олуттуу ресурстарга ээлик кылат. Экинчиден, туризм – уникалдуу жаратылышы, маданий мурасы жана меймандостугу эл аралык туристтерди тарта алат.
Ошондой эле айыл чарбасына, өзгөчө АКШда суроо-талап көп болгон экологиялык таза продукцияларга кызыгуу бар. Текстиль өнөр жайы жана IT сектору жөнүндө унутпаш керек – бул тармактар динамикалык өнүгүүнү көрсөтүп турат жана атаандаштыкка жөндөмдүү өнүмдөрдү жана кызматтарды сунуштоого даяр.
– Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын экономикасына америкалык бизнес канчалык деңгээлде катышууда?
– Америкалык бизнес Кыргызстанда азырынча чектелген. Бул негизинен USAID сыяктуу эл аралык уюмдардын долбоорлору жана энергетика, IT жана билим берүү тармагындагы жеке инвестициялар. Ошого карабастан, биздин рынокко кызыгуу күчөп жатат жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлсө, Американын катышуусу бир топ байкалаарлык деңгээлге жетет деп ишенем. Буга жетишүү үчүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүү, инвестициялардын коопсуздугун кепилдөө жана жагымдуу салыктык-укуктук шарттарды түзүү зарыл.
