Бакытбек Кудайбердиев: Биз иш менен камсыз кылуунун ачык каналдарын түзүп, мигранттардын укуктарын коргойбуз
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору кыргызстандыктарга Түштүк Кореяда, Улуу Британияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө мыйзамдуу жумуш табууга жардам берет. Борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев менен болгон маекте негизги багыттар, талапкерлерге коюлган талаптар, «кара тизмелерге» каршы күрөшүү, жаңы санариптик сервистер жана трагедиялык кырдаалдарда үй-бүлөлөргө көрсөтүлчү жардам тууралуу айтылды.
– Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун негизги милдети эмнеде?
– Борбордун негизги милдеттери – Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштурууну уюштуруу системасын өнүктүрүү, багыт алган өлкөгө кирүү жана чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу маселелери боюнча маалыматтык-консультациялык кызматтарды көрсөтүү, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, чет өлкөлөрдө каза болгон кыргызстандык жарандардын сөөктөрүн Кыргыз Республикасына ташуу боюнча чыгымдарды компенсациялоо.
– Борбор кайсы өлкөлөр менен кызматташат?
– Борбор Кыргызстандын жарандарын Корея, Улуу Британия, Түркия, Россия Федерациясы, Германия Федеративдик Республикасы сыяктуу өлкөлөргө жумушка орноштуруу багытында иштейт. Жакынкы арада Италия жана Япония сыяктуу өлкөлөр менен кызматташуу пландалууда. Белгилей кетсем, Борбор кабыл алуучу өлкөлөрдүн расмий өнөктөштөрү менен гана кызматташууга багытталган, бул биздин жарандар үчүн эмгек миграциясынын ачык жана коопсуз каналдарын камсыз кылат.
– Борбор чет өлкөгө кетчү жарандарды даярдыктан өткөрөбү?
– Ооба, жарандар миграцияга кетээр алдында активдүү түрдө окуудан өткөрүлөт. Мигранттарды кетээр алдында багыттоо жана реинтеграциялоо борборунда EPS (Employment Permit System) системасы боюнча Корея Республикасына кетип жаткан жарандар үчүн 3 жолу окуудан өткөрүлдү. Ошондой эле биз Улуу Британияга айыл чарба жумуштарына иштегени кетүүнү көздөгөн талапкерлер менен да кетээр алдындагы окууларды өткөрөбүз. Даярдык учурунда биз эмнелерди үйрөтөбүз? Алар:
* Маданияттар аралык адаптация, анда биз боло турган өлкөнүн маданияты, тарыхы жана каада-салттары менен тааныштырабыз;
* Жумушка орношуу өлкөсүнүн эмгек мыйзамдары;
* Укуктук коргоо. Эгерде алардын эмгек укуктары бузулса, биздин жарандар кайда кайрыла алышат - чет өлкөдөгү мекемелерибиздин даректерин жана биздин ишеним телефондорубуздун байланыш маалыматтарын беребиз.
– Кыргызстандын жарандарын Түштүк Кореяга жумушка орноштуруу кандай жүрөт?
– Түштүк Кореяда иштөө үчүн жарандар алгач Кореянын Эмгек министрлиги тарабынан даярдалган корея тили боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырышы керек.
Экзамен жылына бир жолу эки этапта өткөрүлөт: биринчи этап – тил деңгээлин текшерүү, экинчи – Skills Test, физикалык маалыматтарды текшерүү.
Ийгиликтүү өткөн жарандар СПИД, гепатит, кургак учукка медициналык текшерүүдөн өтүшөт, андан кийин анкеталар Бирдиктүү талапкерлердин базасына киргизилет.
Жумуш берүүчүлөр бирдиктүү базадан кызматкерлерди өз алдынча тандап алышат, система коррупциялык тобокелдиктерди жок кылуу үчүн жашыруун кармалат.
Программа башталгандан бери Кыргызстандын 5000ден ашуун жараны Кореяда иштеп келди, а учурда 1700 кыргызстандык расмий түрдө иштеп жатышат.
– Кореяда эмгек келишимдеринин мөөнөтү боюнча чектөөлөр барбы?
– Ооба, чет элдик жарандын Кореяда болуу жана иштөө мөөнөтү чектелген. Баштапкы этапта келишим 3 жылга түзүлөт жана андан кийин 1 жыл 10 айга узартылышы мүмкүн.
– Каттоо процесси кандай жүрөт?
– Мурда каттоо Бишкекте талапкерлердин жеке катышуусунда жүргүзүлүп, убакытты жана каржылык чыгымдарды талап кылчу. 2024-жылдан баштап биз migrant.kg сайтыбызда онлайн-каттоону киргиздик. Бул жарандар үчүн процессти жеңилдетип, Борбор тарабынан арыздарды иштеп чыгууну тездетти.
– Улуу Британияга жумушка орношуу үчүн тандоо шарттары жана этаптары кандай?
– 2022-жылдан баштап биз Кыргыз Республикасынын жарандарын айыл чарба тармагында сезондук жумуштарга орноштуруу боюнча Улуу Британия Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген операторлор менен кызматташа баштадык. Бүгүнкү күндө Борбор түздөн-түз «Pro-Force» жана «HOPS Labor Solutions Ltd» эки оператору менен кызматташат.
Учурдан пайдаланып, жарандарыбызга талапкерлерди тандоо кандай этаптардан тураарын түшүндүрүп берейин.
Биринчи этапта биз өнөктөшүбүздүн шарттарына жараша, белгилүү бир сандагы жарандар үчүн же белгилүү бир убакытка биздин сайтта жана Инстаграм баракчабызда онлайн каттоо ачабыз.
Экинчи этапта, каттоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлер орус тилин билүү боюнча тест тапшырышат. Бул тестке суроолорду жана аны тапшырууга шилтемени британ тарап берет. Башкача айтканда, биз техникалык жактан тестирлөө процессине кийлигише албайбыз, жыйынтыктарга да таасир эте албайбыз.
Үчүнчү этап – бул жумуш издегендер менен британ операторлорунун өкүлдөрүнүн ортосундагы маектешүү. Маектешүү өнөктөштөрүбүз Кыргызстанга келгенде, оффлайн форматта өткөрүлөт.
Тандоонун бардык этаптарынан өткөндөн кийин, талапкерлер 30 күндөн 6 айга чейин эмгек келишимин күтүшөт. Бул программага катышуу үчүн чет элдик паспорт, туруктуу электрондук почта керектелет. Ошондой эле, 18 жаштан жогору, орус тилин жакшы билгендер катыша алат.
– Жарандар чет өлкөдө ишке орношуу маселелери боюнча кантип ыкчам консультация ала алышат?
– Бизде «1899 ишеним телефону» иштейт, ал аркылуу жарандар эмгек миграциясы жана чет өлкөдө ишке орношууга байланышкан бардык суроолорго ыкчам жооп ала алышат. Жыл сайын биз 90 000ден ашык чалууларды кабыл алабыз. Көбүнчө жарандар Россиянын «кара тизмесинен» кантип чыгуу керектигин, Түштүк Кореяга же Англияга кантип жумушка орношсо болоорун сурашат.
– Борбор жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер менен да кызматташат эмеспи. Бул кантип иштейт?
– Ооба, туура айтасыз, жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу менен алектенген жумуш менен камсыз кылуу жеке агенттиктер бар. Борбор аларга КР жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу укугуна уруксат берет. Бүгүнкү күндө 191 агенттик 30 багыт боюнча уруксатка ээ жана мыйзам чегинде иштеп, жарандарга мыйзамдуу жана коопсуз жумуш табууга жардам беришүүдө.
– Чет өлкөдө кайгылуу окуялар болгон учурда кандай колдоо көрсөтүлөт?
– Тилекке каршы, биздин жарандар чет өлкөдө каза болгон учурлар дагы кездешет. Мамлекет Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн жакын туугандарына же чыгымдарды көтөргөн адамдарга бир жолку төлөм түрүндө жардам көрсөтөт. Бул чара кайгылуу кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган.
– Борбордун келечекке пландары кандай?
– Борбор Европага мыйзамдуу эмгек миграциясынын багыттарын кеңейтүүнү, анын ичинде КР жарандары үчүн япон тили боюнча акысыз курстарды уюштурууну жана андан кийин Японияда жумушка орноштурууну пландаштырууда.
Ошондой эле Борбор ачык-айкындуулукту жогорулатуу, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана эмгек миграциясынын коопсуз каналдарын түзүү боюнча ишин улантат.
– Жарандар толук маалыматты кайдан ала алышат?
– Толук маалыматты жарандар migrant.kg расмий сайтынан ала алышат же бизге – Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 237 же Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 128 даректери боюнча кайрылсаңыздар болот.
