Чечейбаев: Мындан ары жаңы курулган ооруканалардын жанына дарыгерлер үчүн кызматтык турак жай курулат
16 июнь

Чечейбаев: Мындан ары жаңы курулган ооруканалардын жанына дарыгерлер үчүн кызматтык турак жай курулат

Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагы кадр жетишсиздигинен аксоодо. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев түз эфиринде билдирди.

Айтымында, кадр жетишсиздиги өлкөдө медициналык кызматкерлерге жетиштүү колдоо жок, көңүл сыртында калып кеткенинен улам келип чыккан.

«Учурда кадр 30-40 пайыз жетишсиз. Бардык аймактарда окшош көрүнүш, мисалы, Чолпон-Ата шаарында вакансия 40 пайыз, Каракол жана башка облустук борборлордо да ушундай эле абал. Иштеп жаткандардын басымдуу бөлүгү пенсия курагындагы жана пенсия курагына жакындашып калгандар. Жаш кадрлар келбей жатат. Акыркы жылдарда кадр таңкыстыгын чечүүгө багытталган аракеттер болду: аймактарга дарыгерлерди тартуу үчүн айлык маянасына кошумча төлөп берүүлөр бекитилди. Бул – «жаш дарыгердин депозити». Анын негизинде 20 миңдей болот. Бирок бул дагы жетишсиз. Эгерде биз медицина кызматкерлеринин айлык акысын кескин түрдө көбөйтпөсөк, келерки 5 жылда катастрофа болот. Азыр дарыгерлер чет жакка чыгып кетишүүдө: Россияга, Казакстанга, Европага. Анткени ал жакта айлык көп. Мен дарыгерлерди түшүнөм», – деди министр.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө ооруканалар курулуп, заманбап жабдыктар менен жабдылууда. Бирок оорукана миң жакшы болгон учурда дагы, анын ичинде дарыгерлер жетиштүү болбосо, андан пайда азыраак.

«Аймактарга жаш дарыгерлердин барбай жатканынын дагы бир себеби – турак жайдын жоктугу. Медакадемиянын бүтүрүүчүлөрүнүн 85 пайызы контракттык негизде билим алгандар, алар окуу жайды аяктагандан кийин кайда иштешти өздөрү билишет. Ал эми бюджетниктер – 10-15 пайызы – булар милдеттүү түрдө аймактарда кайсы бир бир мөөнөттө иштеп келүүсү шарт. Бирок анын баары эле аймактарга бара беришпейт. Жарымы барса, жарымы эптеп бир айла-амалын таап өздөрү каалаган жерде калууга аракеттенишет. Бул жаатта жеңилдиктер бар, эгерде бүтүрүүчү аскер кызматкерине турмушка чыкса, анда ал күйөөсү иштеген жерде иштеши керек. Же компенсация төлөп, башка жакта иштөөгө болот. Көбү экинчи вариантын тандап, компенсация төлөп, Россияга иштөөгө кетишүүдө. Ошондо, абдан аз сандагы студенттер аймактарга жөнөтүлөт, бирок алардын жашай турган үйү көйгөйгө айланат. Бул маселени жергиликтүү бийлик чечиши керек, бирок анын да мүмкүнчүлүгү тар», – деди Чечейбаев.

Министр белгилегендей, айрым тың райондор жаш дарыгерлердин айлык маянасына кошумча төлөм кошушат. Бирок ошол дарыгерге үй таап берүү – бул чоң көйгөй.

Чечейбаев учурда курулуп жаткан ооруканалардын жанына дарыгерлер үчүн кызматтык турак жай куруу пландаштырылып жатканына токтолду.

«Кыргызстанда быйыл 21 оорукана курулуп жатат, 12 оорукана капиталдык ремонттон өтүүдө. Биз ошол курулуп жаткан ооруканалардын жанына дарыгерлер үчүн кызматтык турак жай кошо курууну сунуштап жатабыз. Ал турак жайларга дарыгерлер ошол ооруканада иштегенде жашашат дагы, эгер башка жакка кетсе, тапшырып беришет. Ушул жол менен гана турак жай маселесин чечүүгө болот. Мисалы, Баткенде Медакадемиянын ооруканасы курулуп, ачылды. Анын жанында кызматтык турак жай курулду. Эми бул облуста ординаторлорду жөнөтүүдө көйгөй жаралбайт. Кызматтык турак жай идеясын алдыдагы беш жылда толугу менен ишке ашырабыз», – деди министр.

Ал эмне үчүн 21 ооруканага деген суроого жооп иретинде, мында реалдуулук каралаарын, айрым аймактарда 50 орундуу оорукана болсо, анын жарымы, тагыраак айтканда 25 керебет иштеп, калганы бош тураары, ошондуктан оорукана курууда суроо-талап эске алынарын кошумчалады.

«Дүйнөдө ушундай тенденция жүрүүдө: эл айылдардан шаарга агылып жатат. Ошондуктан, эл көп жашаган райондорго ооруканалар курулууда», – деди Эркин Чечейбаев.