Тазабек Икрамов: Россиядагы миграциялык мыйзамдардын катаалданышы Кыргызстанга кандай таасирин берет
Россия Федерациясындагы миграциялык мыйзамдардын катаалданышы сырткы миграцияга кабылган жарандарынын басымдуу бөлүгү орус жергесинде болгон Кыргызстан үчүн өзгөчө таасирин тийгизери анык. Россия бийлигинин бул кадамы жана ал эгерде мигранттардын массалык түрдө мекенге кайтуусуна алып келсе, өлкөнү кандай абал күтөт? Ушул жана башка суроого жооп табуу үчүн Караван-Инфо экс-депутат Тазабек Икрамовго кайрылды.
– Тазабек Икрамович, быйылкы жыл Россиядагы жарандарыбызга катаал жыл болчудай. Россиянын бир топ шаарларында мигранттардын иш менен камсыз болуусу солгундап, чектөөлөр киргизилип жатат. Мындай көрүнүш өлкөбүзгө кандай таасирин тийгизет?
– Россия миграция саясаты боюнча мыйзамдарын катаалдатып жатат. Ага бир нече себептер бар. Ички коопсуздугун коргоо, эмгек рыногун коргоодон тышкары башка да саясий себептери бар. Миграциялык мыйзамдарын күчөтүү менен демографиялык саясатын оң жолго салууну да көздөп жатышат. Анткени, мигранттар кыйналса, айласыз атуулдук алуу жолун тандашат. Акыркы айларда Федералдык миграция кызматы мигранттардын үстүнөн катаал текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Албетте, тийиштүү документтери бар мекендештерибизге анчалык коркунучу жок. Андан тышкары, рублдин кунунун түшүп кетиши да Россиядагы мекендештерибизге таасир этип, өлкөгө кайта баштагандары, Европага жол алгандары бар. Ал эми өлкөбүзгө тийгизген таасири тууралуу айта турган болсок, сырттан келген реалдуу акчанын көлөмү азаят. Айрым маалыматтар боюнча жылына 2-2,5 миллиард доллар жылына Россиядагы мигранттардан келип, ал өлкөдөгү экономикалык, социалдык абалды турукташтырып турган. Бул акчанын көлөмүнүн азайышы эле өлкөнүн экономикасына таасир тийгизет. Жумушсуздук күч алат.
– Баса, парламентте армияга барбаган жигиттерге турмушка чыкпагыла деген депутаттар да болду. Бул сунуш ишке ашчудайбы?
– Ал жөн гана турмуштук ирония. Советтик идеология ошентип аскер турмушун даңазалоо үчүн ирония чыгарып койгон. Аскер кызматына барбай, университеттердин аскердик кафедраларынан запастагы кичи офицер наамын алып чыгышат. Чет өлкөдө билим алган, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу аскерге барбаган жигиттер бар. Алар да үй-бүлөлүү болуш керек. Ал эми суроонун тикелей маанисин карасак, ал кыздардын тандоосуна жараша болот.
