Майрамбек Осмонов: «Апамдын тамагын сагынам, бирок жасатып жегенден уялам»
Ар бир адам үчүн айтып бүткүс ааламы – энеси болот. Эненин камкордугун, мээримин, бала үчүн кылган эмгегин айтып бүтүү мүмкүн эмес. Бул жолку рубрикабыздын каарманы обончу, ырчы, пародист, көп кырдуу талант Майрамбек Осмонов болду.
– Апам 13 бала төрөгөн, үчөө кичинесинде чарчап калыптыр. Алты кыз, төрт эркек элек. Бир эжем коронавирус жылында каза болуп калды. Апам табиятынан чыйрак аял, өзү жетим өсүптүр. Бизге кандай турмушта чоңойгонун бала кезибизде узун сабак кылып айтып берер эле. Жашыраак кезинде кармаган жумушунун майын чыгара жасап турчу.15-20 жылдан бери казан-аякты, оокатты келиндерине өткөрүп берип аралашпай калды. Мен айылга жылына бир эле барам, апам өзү аш-той чыгып же ден соолугуна байланыштуу шаарга баттан келип турат. Сагынычыбызды ошондо таратабыз, күндө телефондон сүйлөшүп, колуман келген ырахатты тартуулап кубантып турганга аракет кылам. Айылга барганда шашып атсам жумуртка кууруп бере салган, картошка менен куурдак кыла калган кездерин азыр сагынам. Мурдагыдай тамак жасап бериңиз деп эркелейин десең уяласың. Апамдын колунан жеген тамакты дүйнөнү төрт кыдырсам да таппастырмын...
Бала кезимди эстесем, атам 39 жыл темир устачылык менен алектенген. Апамдын сырттагы 30 градус суукка карабай меш чаап, атамдын айланасында жүргөн күндөрүм көз алдыма тартылат. Азыр ойлосом атам мени жумшагандай эч кимди жумшабаптыр. Бир нерсени айта электе алып келе калган, тапшырмасын оюндагыдай аткарган «ыңгайлуу» баласы мен болчу окшойм.
Мүнөзүм, жаным тынбай оокат кылганым апамды тарткан. Эртең менен тургандан түн жарымына чейин болсо деле тынбай жумуш кылып жүрө берем. Ушул күнгө чейин чалкалап жатып алган учурум болгон жок. Негизи, бала кездеги тарбиядан, ата-эненин айткан-деген акылынан көп нерсе көз каранды экен. «Өнөрүбүз менен жан багабыз» деп атам бизге көп нерсени үйрөттү. Азыр анын пайдасын көрүп аткан кезим. Эркекке тиешелүү бардык жумушту жасайм, бирөөнүн кызматын пайдаланып күнүм түшпөйт. Кафель, сантехника, курулуш иштерин бүт өзүм кылам.
Ата-энебизден алган таалимдин аркасы менен баарыбыз оокатыбызга тың чыктык.
