Айнура Сагынбаева: Айрым кыргыз эркектери Мадонна жана жеңил ойлуулук комплексинен жабыркашат
Белгилүү психолог, сексолог, үй-бүлөлүк мамилелер боюнча коуч Айнура Сагынбаева “Караван-Инфо” гезити менен болгон маегинде кыргыз эркектери менталитети боюнча айырмаланабы, аялдарынан эмне күтөт жана үй-бүлөдө гармониялуу мамиле түзүүгө кандай сексуалдык комплекстер тоскоол болоорун айтып берди.
– Айнура, сиз Кыргызстанда кыз-келиндерге үй-бүлөлүк мамиленин сырларын үйрөткөн популярдуу курстардын авторусуз. Биздин окурмандарга бир аз сырын ачсаңыз: биздин эркектер аялдан, жубайынан эмне издейт, аларга бактылуу болууга эмне керек?
– Биздин эркектер дүйнөдөгү бардык эркектердей сыяктуу эле, аялдан өзүнө карама каршылыкты издейт, тилекке каршы биз дайыма эле жакшы жагыбызды көрсөтө албайбыз. Башкача айтканда, биз карама каршы иретинде эмоционалдуу, таарынчак, шектенген, чечкинсиз экенибизди көрсөтөбүз. Аялдын керемет жагын чыгара албайбыз – бул наздуулук, жумшактык, ийкемдүүлүлүк, түшүнүүчүлүк ж.б. Адамдардагы бул көйгөй бир гана Кыргызстанда эмес, бардык жерде бар. Бирок Кыргызстанда көйгөй биз өзүбүздү такыр анализдей албаганыбызда, коммуникацияны үйрөнүүгө умтулбаганыбызда жатат. Башкача айтканда, биз тагдырга наалыйбыз, жашообузда болгон көйгөйлөрүбүзгө башка бирөөнү күнөөлөп, жоопкерчиликти ага артып салганды жакшы көрөбүз. Бул ой жүгүртүүбүздүн тайыздыгы, аң сезимибиздин тардыгы, жашоону түшүнбөстүгүбүз.
– Үй-бүлөдө көп нерсе аялдан көз каранды деген пикир калыптанып калган. Ушундайбы же мамиленин үстүндө жубайлардын экөө тең иштеши керекпи?
– Билесиздерби, ушул нерсе көп аялдардын талылуу чекити: мамилени бир гана аял жакшыртат же жубайлардын экөө тең аракеттениши керек деген. Суроо – мамилеңиздер кайсы этапта? Башталгыч этапта болсо, аялдын көңүлүн алуу үчүн эркек аракеттениши керек. Ал аялды өзүнө имерип алгандан кийин мамиле 100 пайыз аялдан көз каранды. Эмнеге? Анткени эркектин аялга болгон мамилеси аял аны канчалык деңгээлде өзүн сүйдүрүп, байлап, ишеним жаратканына, жылуулук берүүгө, камкордук көрсөтүүгө, сүйүүгө болгон каалоосун ойготуп алганына ж.б. жараша болот. Башкача айтканда, эркекте баары жөнөкөй: эгерде ал аялды кааласа, сүйсө, ал үчүн баарын жасайт. А эгерде андай болбосо, эч нерсе кылбайт, мында мамилени жакшыртуу үчүн аракеттенүү керек деп айтуу пайдасыз.
Экөө тең чогуу жашоону кааласа, бирин бири сүйсө, бирок тил табыша албай жатышса, бул башка кеп. Мында жөнөкөй коммуникация жетишпей жатат, бирин бири уккусу да, түшүнгүсү да келбей жатат. Бирок мында, жеке тажрыйбама таянып айтсам, күч баары бир аял тарапта. Аял коммуникацияны туура жолго кое билсе, эмоционалдык планда ийкемдүү эмес, орой, өтө татаал, өтө катаал эркекти туура мамиле түзүүгө үйрөтө алат. Эркектер өзүн да түшүнө беришпейт, алар эмоция жагынан абдан татаал. Алар жандүйнөсүн, каалоосун, эмоциясын түшүнүшпөйт. Алардан сурасаң, баарын эң сонун түшүнүп жатканын айтышат, бирок ошол эле учурда кайсы бир кемчилигин, маселесин моюнга алгысы келишпейт, өздөрүн күнөөлүү сезүүнү каалашпайт. Аларга, аялга караганда, мамилени жөнгө салуу кыйын. Биз оор маалда жок дегенде ыйлап алабыз, сезимдерибизди сыртка чыгарабыз, а эркектер андай кылышпайт.
Анын үстүнө биздин коомдо эркектер өздөрүнө барчу жолду жоготуп коюшат, тактап айтканда “сен эркексиң” деген түшүнүктүн басымы алдында өзүн анализдөөдөн алысташат, жабылышат. Эгерде ал өзүн түшүнө албай жатса, кантип аялды түшүнсүн дагы, кантип аны менен байланыш түзүүнү үйрөнсүн. Муну бир гана биз жасай алабыз, биз ага жол таап, коммуникацияны жөнгө сала алабыз.
– Ошондо аял үй-бүлөдөгү бакыт жана гармония үчүн эмне кылышы керек?
– Аялдар биринчи, алардын аял катары күчү эмнеде экенин билүүгө тийиш. Биз психологиялык, эмоционалдык жактан бир топ күчтүүбүз, бизде аялдык наздуулук, ийкемдүүлүк, жумшактык деген курал бар, мунун баары бизге күч кошот. Мамилелерде ушул куралдарды колдонушубуз керек. Кененирээк курстарымда айтып жүрөм.
– Кыргыз эркектеринин менталитети айырмаланабы же бардык эркектер бирдейби?
– Ооба, биздин эркектердин айырмасы бар. Кандайдыр бир сексуалдык комплекстер жашайт, алардын бири – Мадонна жана жеңил ойлуулук комплекси. Эң кеңири жайылганы ушулар. Ал сексологияда сексуалдык фантазия же сексуалдык комплекс катары сүрөттөлөт. Башкача айтканда, биздин эркектер төшөктө кымтынбаган, эркин, сексти жакшы көргөн, андан ырахат алган аялды көргүсү келет. Бирок ошол эле убакта менталитет мындай, секс түшүнүгү – бул уят, шермендечилик, жаман нерсе. Эркектерге бала чагынан аял тынч, олуттуу, уялчаак болушу керек деген түшүнүктү таңуулашкан, а чынында мындай нерсе аларга кызык эмес. Бирок мээсинде балдарынын апасынын, жубайынын, жакшы аялдын образы ушундайча калыптанып калды. Анан эркек дайыма кош образда жашайт – Мадонна жана жеңил ойлуулук. Ошондуктан биздин эркектерге аялдар периште, уялчаак, ыймандуу көрүнүп, бирок ошол эле убакта акылга келбеген нерселерди жасаганы жагат. Эркек аялдагы бардык нерсени каалайт! Бирок ошол бардык нерсе боло бербейт. Так ушул нерсе биздин менталитеттеги чоң маселе.
– Сиздин кеңештериңизден кийин биздин аялдар каалаган жыйынтыгына жетишеби, башкача айтканда, түгөйлөрү менен мамилесин жакшыртып, үй-бүлөсүн сактай алышабы?
– Чынында баары ошол адам өнүгүүнүн кайсы этабында экенине байланыштуу: мээсин канчалык деңгээлде иштетип жатат, ой жүгүртүүсү канчалык ийкемдүү, ойлор, логика үчүн нейрондор канчалык иштейт, кырдаалды иликтеп жана чечим чыгаруу боюнча канчалык тажрыйбасы бар. Эгерде адам бул нерсеге жакындап калган болсо, анда менин курстарым реалдуулукту көрүүгө жана башка адамдын жана өзүңдүн психикаң кандай иштерин түшүнүүгө эң сонун жардам берет. Бирок такыр даярдыксыз адамдар да болот, алар иллюзияда жашайт, психологиялык жактан жетилген эмес, түшүнүү жана кабыл алууга даяр эмес. Мындай учурда аларга өсүүгө, билүүгө, окууга туура келет, бирок эртеби-кечпи ой жүгүртүү өзгөрөт.
– Айнура, курстарыңыздан кийин аял үй-бүлөсүн кантип сактап калганы боюнча практикаңыздагы кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?
– Мындай учурлар чынында көп болгон, алардын бирөөсүн айтайын. Курсума бир аял келген, ал күйөөсү менен мамилеси жакшы болбой, анан ойнош таап алыптыр. Аял мага күйөөсү менен ажырашса, көп балалуу ойношу ага үйлөнөт деп үмүттөнүп жатканын айтты. Бирок менин курстарымдан кийин башка чечим кабыл алды, ал туура чечим болду деп ойлойм. Аял үй-бүлөсүн сактап калды. Болжол менен үч айдан кийин жолугуп калдым, аябай бактылуу. Көрсө, үй-бүлөлүк жашоосу калыбына келиптир, никесин сактап калуу боюнча чечим кабыл алганына абдан кубанып, ыраазы болуп жатканын айтты .
