Абдирашит Акынбеков: Уулдуу болуунун сырлары
21 декабрь

Абдирашит Акынбеков: Уулдуу болуунун сырлары

Мусулман калкында үй-бүлөдөгү уул баланын мааниси чоң. Үй-бүлөдө уул төрөлбөсө, артымдан тукум калбайт деп жубайын  күнөөлөгөн, атүгүл ажырашып кеткен учурлар жок эмес. Бактыга жараша, медицинада үй-бүлөнү пландап, уулдуу болууга даярдык көрсө болорун белгилешет. Бул максатта биздин суроолорубузга белгилүү уролог-андролог Абдирашит Акынбеков жооп берди.

– Үй-бүлөдө уул төрөлбөгөн учурда, аялды күнөөлөгөн учурлар жашообузда көп. Сиз дарыгер катары буга кандай карайсыз?

– Үй-бүлөдө уул кутүүдө аялдарды күнөөлөө туура эмес. Уулдун бойго бүтүүсү 80 пайыз эркектен көз каранды.  Себеби эркектерде XХ хромосомасы – кыз уругу да, ХY хромосомасы – уул уругу да болот. Ал эми аялда ХХ хромосомасы гана болот. Эгерде эркектин X хромосомасы аялдын жумуртка клеткасы менен кошулса кыз төрөлөт, Y уул уругу аялдын жумуртка клеткасы менен кошулса уул – төрөлөт. Ошон үчүн эмнени эксең, ошону аласың дешет да.  Ал эми аялдарга 20 пайыз гана байланыштуу. Себеби аялдардын жатынында, жатын түтүктөрүндө кычкыл чөйрө болуусу керек. Уул урук кычкыл чөйрөдө активдүү болот.

– Уулдуу болуу үчүн илимий атайын жол-жоболор каралганбы?

– Уулдуу болуу үчүн атайын илимий так далилдөөлөр жасалган. Мисалы, 2002-жылы Жапонияда эки дары чыгарылган. Бирин ичип кошулса уул болот, дагы бирин ичип кошулгандар кыздуу болушат. Бул аныкталганына карабастан, элдерге колдонулуп сатууга чыгарылган эмес. Себеби мамлекет тарабынан, илим жактан сатууга чыгууга жол берилген эмес.

– Ал эми тамактануунун  таасири канчалык?

– Уул күтүүдө туура тамактануу да зарыл. Витаминдүү азыктар, мөмө, жашылча-жемиштерди колдонуу керек. Куурулган, абдан майлуу тамактар уулдуу болууга зыянын тийгизет. Койдун майына бышкан аш, чучук, шашлык, самса сыяктуу күчтүү тамактар менен азыктанса уул болот деп айрымдар жаңылыш ойлошот. Бул туура эмес. Тескерсинче мындай тамактануу кыз болуусуна алып келет. Сүт азыктары жана алкаголдук ичимдиктер, тамеки тартуу, насвай чегүү дагы абдан зыяндуу.  Ошон үчүн уулдуу болууну каалагандарга алдын ала диетаны түзүп беребиз.

– Учурда уулдуу болуу менен кыздуу болуунун салыштырмалуулугу канча пайызда сиздин баамыңызда? 

– Бул боюнча менде так маалымат жок. Бирок болжолдуу айта алам. Учурда 100 баланын 60ы кыз, 40ы уул болуп жатат десек болот. Бирок келечекте уулдардын саны дагы азайышы мүмкүн. Себеби учурда тамекинин баасы кымбат болуп кеткенине байланыштуу көпчүлүк жаштар насвай чеккенге өтүп алышты.  Ал келечекте өтө чоң таасир бериши ыктымал эркектерге.

– Үй-бүлөнү туура пландоо катары эмнени көрсөк болот?

– Өнүккөн мамлекеттерде, мисалы, Германияда балалуу болуу үчүн бир жыл даярданышат экен. Ден соолуктарын карап, туура тамактанып, зыяндуу ичимдиктерди токтотуп, спорт менен машыгып, анан гана текшерүүдөн өтүп балалуу болушат. Ошондо дени сак, акылы эстүү бала жаралат. Ал эми бизде андай эмес. Балалуу болууну маанилүү катары кабыл алышпайт. Келечектеги мыкты балдарды жаратуу үчүн, күчтүү, дени сак, акыл-эстүү урпактарды улоо үчүн ата-энелер милдеттүү.

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат!