Тагжана Айдаралиева: STEM эмне үчүн мектептерге киргизилүүдө
11 сентябрь

Тагжана Айдаралиева: STEM эмне үчүн мектептерге киргизилүүдө

Билим берүү жана илим министрлигинин медиа-консультанты Тагжана Айдаралиева “Караван-Инфо” редакциясына STEM деген эмне жана эмнеге ал 12 жылдык окуу моделине киргизилип жатканы тууралуу айтып берди. 

- STEM (англ. science, technology, engineering and mathematics — бул табигый илимдер, технология, инженерия жана математика) – заманбап шарттагы билимдин негизги багыттары. 

Жакынкы келечекте кесиптердин 90 пайыздан ашууну так ушул STEM жөндөмдөрүн билүүнү талап кылып баштайт. Өмүр бою бир кесиптин ээси болуу бүгүнкү күндө жетишсиз. 

47 пайыздан ашуун кесиптер өтө жакынкы келечекте жасалма интеллекти колдонушат. Анын айынан дүйнөдө жумушсуздуктун деңгээли 400 миллиондон 1 миллиардга чейин өсөт. 

- STEM эмгек рыногунда кошумча мүмкүнчүлүктөрдү табууга кантип жардам берет? 

-  STEM-предметтери талдоо, критикалык ой жүгүртүү жана маселелерди чечүү жөндөмүн өнүктүрөт. Бул жөндөмдөр бир гана илим менен техника үчүн эмес, күнүмдүк жашоодо да маанилүү. STEM билими карьералык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири спектрин ачат. Келечек жаныбызда турат, биз ага даяр болушубуз керек.