Интернетке бир күндө канча убакыт коротосуз?
15 август

Интернетке бир күндө канча убакыт коротосуз?

Интернет – азыркы замандын ажырагыс бир бөлүгү болуп калды. Мейли коомдук жайдабы, үйдөбү, улуу-кичүү дебей телефон тиктеп, интернет чукулап отурган адамды көрөсүң. Мындан улам бир күндө канча убактысын интернетке кетирерин белгилүу адамдардан сурап көрдүк.

Садык Шер-Нияз, элчи: “Интернеттен англис, француз тилдерин үйрөндүм”

Интернет, анын ичинен социалдык түйүндөр аркылуу дүйнөдө тездик менен маалымат алмашууга өбөлгө түзүлдү. Тарыхты карасак, 751-жылы Талас суусунун боюнда Атлах шаарынын жанында Тан (кытай)  империясы менен Араб халифатынын ортосунда чоң салгылаш болгон. Ошондо кагаз жазмасын тааныган кытайлар  арабдардын колуна түшүп калышкан экен.  Арабдар аркылуу кагаз маалыматы Европага жетип,  дүйнөгө тарап 200 жыл кагаздан маалымат алып келишкен. Азыр ошончо жылдагы маалыматты  телефонуңдан таап, үч мүнөттө окуп аласың. Учурда баарыбыз эле  интернеттен, соц түйүндөрдөн маалымат алып калдык. Мисалы, мен мугалим жалдап тил үйрөнгөнгө убактым тар болгондуктан англис жана француз тилдерин интернеттен үйрөнүп алдым. Францияда отуруп Кыргызстанда,  дүйнөдө эмне жаңылык болуп жатканын көрүп, билип турабыз. Жакындарыбыз менен дүйнөнүн аркы тарабында отуруп алып байланышабыз.  Чындап келгенде бул замандын талабына ылайык абдан жакшы десек болот. Күнүгө эки саат убактымды бөлөм, кээде дем алыш күндөрү 5-6 сааттык убактым кетет.

Анапия Раимбекова, ырчы: “Жакшы болгону менен убактыңды уурдап койгону жаман экен”

СССРдин адамдары эмеспизби, биз интернет ааламын кеч түшүнгөндөрдүн катарына киребиз. 2011-жыл болсо керек эле, журналист сиңдим үйгө келип: “Үйүңүздө компьютер да, интернет да бар экен. Сизди фейсбукка каттап, баракча ачып берейин. Сүрөттөрүңүздү, ырларыңызды жүктөсөңүз болот” деп калды. Ал мага чоң ачылыштай эле көрүнгөн болчу. Коркуп көпкө колдоно албай жүрүп, кийин сыр сөзүн унутуп ача албай калдым. Ошентип жүрүп акыры замандын талабына ылайык интернет менен жашап калдык. Коом менен баарлашканды үйрөндүк. Кээде убактыңды уурдап койгону жаман экен. Алаксып отуруп кантип түн бир оокум болуп кеткенин байкабай калам. Интернетке кирдиң дегиче эки-үч саат убактың байкалбай эле өтүп кетет.

Азамат Шаршенов, режиссер: “Уктагандан тышкаркы убактымдын баары интернетте өтөт”

“Бычак бир жакшы, бир жаман ишке колдонулат” деген кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай социалдык түйүндү  жаман жакка эмес, жакшы жакка колдонуп багыттуу аудитория топтогонго аракет кылып жүрөбүз. Биз чыгармачыл адамдар бир жакшы иштин аягына чыкканда сөзсүз элге жеткирүү үчүн гезит, теле-радиолорго жарнама үчүн чуркап барчу элек. Алар кандай талап койсо ошонун баарына макул болуп көнчүбүз. Азыр болсо өзүбүздүн баракчабызда отуруп алып коомчулук менен түз иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Убактыбыз да үнөмдөлүп калды. Менин ишим ушундай экен, уктагандан тышкаркы убактымдын баары интернетте өтөт жана мен аны пайдалуу ишке колдоном десем болот.

Жамиля Муратова, композитор: “Терс пикирлерди окуганда таптакыр чыгып кетким келет”

2013-жылдар болсо керек эле. Келиним, “Апа, азыр заманбап жашоо, фейсбукка каттап берейин” деп калды. Ал кезде соцтүйүн эмне экенин кайдан билели. Ошентип жаңы катталып ырларымды, чыгармаларымды жүктөп баштадым. Бара-бара жакшы өздөштүрүп алып, көбүрөөк пайдалана баштадым. Азыр интернетке маалымат алыш үчүн кирип турам. Жакшы жаңылыктарга басым жасайм. Кээде терс пикирлер жана жагымсыз жаңылыктарды окуп калган учурда таптакыр чыгып кетким келет. Бирок замандын талабы ушул экен, кайра эле келип жаңылыктарды барактап калабыз. Негизи убактым боло калганда ара-чолодо гана интернетке баш бага калам.   

Дана Абдыбекова, продюсер: “Интернетке үч маал жарым сааттан кирем”

Мен Фейсбук социалдык тармагын 2010-жылдан бери колдонуп келем. Менин ишим, жумушумдун баары ушул жакта болгондуктан абдан активдүүмүн. Өмүрү чын жашооңдо көрбөгөн, бирок жакшы тааныган адамдарың болот го. Ошолордун жакшы иштерине кубанам, тең бөлүшөм, жаман иштери болсо кайгырам. Мурда убактымдын көпчүлүгү интернетте өтүп кетчү. Азыр өзүмө режим коюп алгам. Эртең менен, түштө, кечинде жарым сааттан гана кирип барактап турам.  

Кызсайкал Кабылова, ырчы: “Бир колумда бала, экинчи колумда телефон”

Калп айтпай эле коёюн, эртең менен көзүмдү ачарым менен биринчи телефонду карайм. Андан кийин үй тиричилиги менен бирге Инстаграмдагы ишим башталат. Мурда ырчы болсоң акчаны көп табасың го деп ойлочумун. Көрсө, чыгармачылыкка көбүрөөк каражат жумшалат экен. Азыр үйдө отуруп алып деле интернеттен акча тапсаң болот. Ошон үчүн бир колумда бала болсо, экинчи колумда дайыма телефон болот. Эсимде, инстаграмдан эң алгач 200 доллар акча таап аябай кубангам. Күн чыккандан батканга чейин соцжелелерде отурам десем болот. Себеби, бул менин  күнүмдүк жумушума айланып калган.