Нурболот Исаков: “Элдин бактылуу күндөрүн түбөлүк эстеликке айланткым келет”
Кыял чоң болсо, мүмкүнчүлүк табылат. Бүгүн элдин бактылуу көз ирмемдерин сактап калуу үчүн кымбат камера шарт эмес экенин далилдеп, уюлдук телефонду да түбөлүк эстеликке айландырып жаткан учур. Видеограф – заман менен кошо өнүгүп, суроо-талаптан түшпөгөн жаңы кесиптердин бири. Видеография хоббиден кирешелүү кесипке айланта алат. Видеограф Нурболот бул тармакка кантип келгенин, каалоо кирешеден маанилүүрөөк экенин айтып берди.
– Нурболот, видеографтык кесипке келгенде сени биринчи киреше кызыктырдыбы же кесипке болгон каалооң күч болдубу?
– Бул кесипке болгон кызыгуум элдин бактылуу мүнөттөрүн тасмага түшүрүүгө болгон каалоодон башталган. Анткени, адамдын кайталангыс күндөрү жүрөгүндө гана эмес, сүрөттөрдө, видеолордо да сакталат экен. Ошол бактылуу көз ирмемдер түбөлүк эстелик болуп калуусуна себепкер болгум келди. Жаш болсом да изденип, бул тармакты жакшы билген агалар менен байланышып, үйрөнө баштадым. Каалоом күч болгондуктан, кесипти тез эле өздөштүрүп кеттим.
– Видео гана тартасыңбы же фото кызматын да көрсөтөсүңбы?
– Видео да тартам, фотосессия дагы жасайм. Кардардын талабына жараша кызмат көрсөтөбүз. Мисалы, сүрөт, видео, сүйүү баяндар – баарын камтып иштейбиз.
– Кардарлар жетиштүүбү?
– Көп десек да болот. Себеби биздин кызматты көргөн адам көбүнчө кайрадан эле кайрылат.
– Бул тармакты кирешелүү деп эсептейсиңби?
– Өз кесибиңдин чыныгы устасы болсоң, кайсы тармак болбосун киреше табууга болот. Видеографияны жакшы өздөштүргөндөр деле татыктуу киреше таап жатышат деп ойлойм.
– Үйрөнгүсү келгендерге сабак бересиңби?
– Албетте, кызыккандар чыкса, кызганбай эле үйрөтөм. Бул жөн гана кесип. Мен билгенди башкалар да үйрөнүп, эмгектенсе сүйүнөм. “Адамга адам керек” дегендей, бул жолдо мага да агаларым кол сунуп, үйрөтүшкөн.
– Айрымдар “видеографиянын доору өтөт” дешет айтышат. Келечеги бар деп ойлойсуңбу?
– Мен бул кесиптин келечеги бар деп ишенем. Кандай доор болбосун, эл өзүнүн өзгөчө күндөрүн эстелик катары калтыргысы келет. Демек, бул кызматка муктаждык дайыма болот.
