Күчтүү мамлекет – бул татаал маселеси жок эмес, а ошол маселени өз убагында, так түшүндүрүп бере алган өлкө
Коомчулукта конституциялык өзгөрүүлөрдүн шартында президенттик мандатка байланышкан өзгөчөлүк тууралуу талкуу күчөөдө. Учурдагы президент алты жылдык мөөнөт жана бир гана жолу президент болуп шайлануу ыйгарым укугун берген мурдагы Конституция боюнча шайланган, а бирок учурда ал өз функцияларын жаңы Конституциянын алкагында жүргүзүүдө: ал беш жылдык президенттик мөөнөт жана эки жолу президент болуп шайланууга жол берет.
Формалдуу түрдө бул нерсе мыйзамдын бузулганын билдирбейт: мандат легитимдүү, а Конституциянын жаңы редакциясы болуп өткөн шайлоолорго тийиштүү түз нормаларды камтыбайт. Ошол эле убакта ар кандай конституциялык нормалардын болушу укуктук суроолордун жана коомдогу талкуулардын жаралышына жол ачууда.
Аталган юридикалык бүдөмүктөр теориянын чегинен чыгат. Өз убагында жана институционалдык түшүндүрмө болбосо, алар бийликтин мыйзамдуулугун кабыл алууга таасир этип, мамлекеттик чечимдерге болгон ишенимди төмөндөтүп, саясий туруктуулукка коркунуч жаратышы мүмкүн.
Мындай шарттарда көйгөйдү жаап-жашырбоо жана укуктук талдоону саясий баа берүүлөр менен алмаштырбоо маанилүү. Тескерисинче, конституциялык түзүлүштүн туруктуулугун сактоо жана тактоо киргизүү үчүн институционалдык талаада, биринчи кезекте парламенттин катышуусунда ачык жана жоопкерчиликтүү иш алып баруу зарыл.
Кандай болгондо да мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү учурдагы бийликтин мыйзамсыздыгын моюнга алуу эмес, бардык күмөндөрдү жоюу, президенттик институтка болгон толук ишенимди калыбына келтирүү жана коомдук консенсусту кайра баштоо жолу катары каралышы мүмкүн. Мындай кадам аң сезимдүү мамлекеттик чечим болушу зарыл, ал саясий поляризациянын шартында же кысым астында жасалбашы керек
Негизги жыйынтык – саясий кризистердин көбү мыйзам бузуудан эмес, чечилбеген маселелерден жана создугуп кеткен белгисиздиктен башталат.
Күчтүү мамлекет – бул татаал темалары жок мамлекет эмес, аларды өз убагында жана ачык түшүндүрүп, талкуулап, укуктук жана институционалдык талаада чече билген мамлекет.
