Региондордогу текшерүү: Айыл өкмөттөрүндө 1,8 миллиард сомдук, ал эми 16 шаарда 1 миллиард сомдон ашык тартип бузуу табылды
9 июнь

Региондордогу текшерүү: Айыл өкмөттөрүндө 1,8 миллиард сомдук, ал эми 16 шаарда 1 миллиард сомдон ашык тартип бузуу табылды

​ Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңешке сунуштаган расмий отчетуна караганда, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык, Эсептөө палатасы жер-жерлердеги жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын текшерүүдөн өткөрдү. 2025-отчеттук жылы өлкө боюнча 16 шаардын мэриясынын жана 241 айыл өкмөтүнүн бюджеттеринин түзүлүшү менен аткарылышына аудит жүргүзүлгөн.

​Шаарлар боюнча жыйынтык:

Бишкек жана Ош шаарларын эсепке албаганда, облустук маанидеги 12 шаар жана райондук маанидеги 4 шаарда (жалпысынын 16 шаар, анын ичинде Каракол, Нарын, Токмок, Кара-Балта, Жалал-Абад ж.б.) жүргүзүлгөн аудиттер калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 1 077,9 млн сом суммасындагы финансылык тартип бузууларды аныктаган. Анын ичинен 676,3 млн сому (62,7 пайызы) кайтарылган. Ошондой эле шаарлар боюнча 90,9 млн сомдук ички резервдер жана жоготуулар табылган.

​Айыл өкмөттөрү боюнча жыйынтык:

Текшерилген 241 айыл өкмөтүндө каржылык тартип бузуулардын жалпы суммасы 1 861,8 млн сомду түздү. Түшүндүрүү жана калыбына келтирүү иштеринин натыйжасында, бузуулардын 1 407,8 млн сому (75,6 пайызы) жергиликтүү бюджеттерге кайтарылган. Айыл өкмөттөрүндө аныкталган резервдер менен жоготуулардын көлөмү 241,5 млн сомду түзгөн.