Кыргызстан менен Германия экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенүүдө
Кыргызстан менен Германия экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-январында, экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Никлас Вагнер жана Германиянын Кыргызстандын элчиси Моника Ленхард менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөлөрдүн ортосундагы алакалар тууралуу предметтүү диалог болуп, тараптар кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгынын келечектеги багыттарын, анын ичинде сооданы өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, жаштарды даярдоо жана окутуу, ошондой эле жашыл экономиканы илгерилетүү маселелерин талкуулашты.
Тараптар мындан ары кызматташууну кеңейтүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин белгилешти.
