Соцфонд 2024-жылы 60,2 миң жаранга пенсия чектеди
Социалдык фонд 2024-жылдын январь-декабрь айларында 60 миң 211 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу фонддун 2024-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңейтилген отурумунда айтылды.
Маалыматка ылайык, мындан тышкары, кошумча берилген документтердин негизинде (эмгек стажы, айлыгы, окуусу жана майыптыгы боюнча) 12 631 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди.
Пенсияларды каржылоого кеткен каражат 91 002,5 млн сомду түздү.
