Кыргызстан кувейттик фонд менен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 19-февралда Кувейт Мамлекетине болгон расмий сапарынын алкагында Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун (КАЭӨФ) Башкы директору Валид Шамлан Аль-Бахар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушуу жүрүшүндө министр Кулубаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртууга багытталган иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.
Ошондой эле кувейттик тарапка Кыргызстандын гидроэнергетика, транспорт, туризм жана логистика сыяктуу келечектүү экономикалык тармактарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
Тараптар ошондой эле КАЭӨФ менен учурда биргеликте ишке ашырылып жаткан жол куруу, энергетика жана инфраструктура тармагындагы долбоорлорду талкуулашты. Бул контекстте Ж. Кулубаев жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Кыргызстан фонд менен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
КАЭӨФтүн Башкы директору Валид Шамлан Аль-Бахар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аракеттерин жогору баалап, Кыргызстан сунуштаган инвестициялык долбоорлорду изилдөөгө, аларды ишке ашырууда активдүү иш алып барууга кызыкдар экенин билдирди.
