МСК акыркы эки айда 41,4 млрд сом салык чогултту
3 март

МСК акыркы эки айда 41,4 млрд сом салык чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь-февраль айларында 41 млрд 490,5 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту.

План 4 млрд 91,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 10,7 млрд сомго көбөйгөн.

Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 12 млрд 911,3 млн сом жыйналды, бул белгиленген пландан 811,3 млн сомго көп. 2024-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 1,2 млрд сомго өстү.

Эки айда чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 54 млрд 401,8 млн сомду түздү.