Ош облусунда акылдуу эсептегичтерди орнотуунун саны 78,4 миңге жетти
9 октябрь

Ош облусунда акылдуу эсептегичтерди орнотуунун саны 78,4 миңге жетти

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында калкка акылдуу эсептегичтер орнотулуп жатат.

Анын ичинде “КУЭТ” ААКнын Ош электр тармактары ишканасында быйыл 100 850 даана акылдуу электр эсептегич (АИСКУЭ) орнотулат. Бүгүнкү күндө 78475 даанасы орнотулуп бүттү. Жыл аягына чейин 22 375 даана орнотулат.

Ал эми Ош шаарында 100%га акылдуу эсептегич коюлуп бүттү.

Облус боюнча акылдуу эсептегичтерди 4 районго бөлүштүрүлгөн.

• Араван РЭТине - 27766 берилди, 9511 даана жыл аягына орнотулат.

* Кара-Суу РЭТине - 18390 даана берилген, 3481 даана калды.

* Өзгөн РЭТине – 29586 даана Өзгөнгө берилди, 7001 даана жыл аягына чейин орнотулат.

•Ноокат РЭТине - бүгүнкү күндө 1657 даана орнотулду жана 2026-жылдын бизнес планына киргизилип, 2026-жылы толугу менен орнотулуп бүтөт.

2025-жылдын планына ылайык орнотулуучу 100 850 даана акылдуу эсептегич

жыл аягына чейин орнотулуп бүтөт.

Маалымат катары: Акылдуу эсептегичтердин негизги максаты жана артыкчылыктары:

• Электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүү;

• Электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактоо;

• Коррупцияны жоюуга шарт түзүү;

• Көрсөтмөлөрдү реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө берүү;

• Электр энергиясын ашыкча колдонгондо же карыз болгондо автоматтык түрдө өчүрүү;

• Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин автоматтык түрдө кайра кошулушу;

• Эсептегичке тышкы кийлигишүү болгон учурда дароо билдирүү.