Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын элчиси менен жолукту
3 март

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын элчиси менен жолукту

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кытай тараптан жолугушууга элчинин кеңешчиси Ли Баоцзе, соода-экономикалык иштер боюнча кеңешчи - Юй Чжиган, Чжан Фэн – Элчиликтин үчүнчү катчысы жана элчинин жардамчысы - Ван Цзэнань катышты.

Министр Ибраев Лю Цзянпинди элчи катары дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен чын жүрөктөн куттуктады. Ал белгилегендей, Министрлик КЭР менен түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктү терең баалайт. Бүгүнкү күндө мамлекет башчыларыбыздын колдоосу менен кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу өнүгүп, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана өнөктөштүктүн тарыхый негизине жетти.

Эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук жана коңшулук мамилелер, өз ара ишеним биздин өлкөлөрдүн ортосундагы, негизинен энергетика чөйрөсүндөгү стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түздү. Жашыл энергетика жана көмүр тармагындагы кызматташтык кыргыз-кытай мамилелеринин маанилүү багыты болуп саналат.

Жашыл энергетика жана көмүр өнөр жайы тармагындагы долбоордук кызматташтыктын алкагында Кыргызстан Кытайдан келген 22 өнөктөш менен кызматташууда. Бул долбоорлор энергетика жана инфраструктура боюнча кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалга ээ жана эки тараптын тең узак мөөнөттүү экономикалык кызыкчылыктарынын ачкычы болуп саналат.

Элчи Лю Цзянпин айым министр менен болгон жолугушуунун маанилүүгүн баса  белгилеп, мындан ары кызыматташууну тереңдетүүгө даяр экенин айтып өттү. Аны менен катар ал Кыргызстан менен кызматташкан кытайлык компаниялардын ишин көзөмөлгө алаарын жана ар бир кол коюлган документтердин, долбоорлордун ишке ашырышын тездетээрин билдирди.

Тараптар өткөн жыл жогорку активдүүлүк менен коштолуп, биздин кызматташтыкты ар тараптан өнүктүрүү үчүн бекем пайдубал түптөлгөндүгүн канааттануу менен белгилешти.