Оштук өндүрүүчүлөргө «Кыргыз Экспорт» борборунун семинарында Wildberries талаптары түшүндүрүлдү
Бүгүн Ош шаарында «Кыргыз Экспорт» борбору Wildberries Кыргызстан менен биргеликте тигүү тармагынын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын өткөрдү. Иш-чаранын максаты – жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын жогорулатуу жана ири онлайн-платформалар менен иштөө даярдыгын күчөтүү.
Семинардын жүрүшүндө Wildberries адистери маркетплейске чыгуу үчүн негизги талаптарды тааныштырды, ошондой эле документация менен иштөө, продукцияны маркировкалоо, сертификациялоо жана логистикалык процесстерди уюштуруу боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү беришти. Катышуучулар товарларды тышкы рынокторго ийгиликтүү илгерилетүүгө зарыл практикалык сунуштарды алышты.
«Кыргыз Экспорт» борбору өндүрүүчүлөр үчүн билим берүү демилгелерин мындан ары да улантып, маркетплейстерде жана тышкы рыноктордо ийгиликтүү иштөө үчүн зарыл билимдерге жана инструменттерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнү көздөйт.
