Бишкекте жыл башынан бери 1917 трансформатор оңдолду
29 декабрь

Бишкекте жыл башынан бери 1917 трансформатор оңдолду

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тармакты өнүктүрүү, алдыдагы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү жана реформанын алкагында иштерди өз убагында аткаруу талабына ылайык, Бишкек электр тармактары ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Бул иш-чараларга оңдоо, техникалык тейлөө, линияларды куруу жана реконструкциялоо иштери кирет.

Жаңы энергетикалык объект:

Быйыл Бишкекте жаңы 110/10 кВ «Мурас» аттуу жогорку чыңалуудагы көмөк чордон курулуп, пайдаланууга берилди.

Бул көмөк чордон төмөнкү заманбап жабдуулар менен жабдылган:

  • 40 000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор;
  • 110 кВ элегаз өчүргүчтөр;
  • 110 кВ ажыраткычтар;
  • 10 кВ тышкы орнотуудагы комплекттик бөлүштүрүү түзүлүшү (КРУН);

2025-жылдын  жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй капиталдык оңдоо иштери аткарылды:

  • 220-110/35 кВ чыңалуудагы 6 көмөк чордондун жабдуулары;
  • 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 336 трансформатордук көмөк чордондор(ТП);
  • 220-110/35 кВ чыңалуудагы 26,7 км электр аба чубалгылары (ЭБЛ);
  • 10–0,4 кВ чыңалуудагы 148 км электр аба чубалгылары.

Ошондой эле төмөнкүдөй кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлдү:

  • 220-110/35 кВ чыңалуудагы 47 көмөк чордондун жабдуулары;
  • 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 1917 трансформатордук көмөк чордондор (ТП);
  • 220-110/35 кВ чыңалуудагы 560 км электр аба чубалгылары;
  • 10–0,4 кВ чыңалуудагы 2175 км электр аба чубалгылары;
  • 10–0,4 кВ чыңалуудагы 891 км кабелдик аба чубалгылары.

Реконструкциялоо жана капиталдык курулуш планынын алкагында 12 ай ичинде:

  • 2850 «акылдуу» эсептегичтер орнотулду;
  • 87 км электр аба чубалгылары СИП-2 зымдар менен алмаштырылды;
  • 31 км кабелдик чубалгылар заманбап жаӊы кабелге алмаштырылды;
  • 32 км электр аба чубалгылары СИП-3 зымдар мене тартылды;
  • 6 км жаӊы кабелдик чубалгылар курулду;
  • 33 трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды.

Белгилей кетсек, бул иштер керектөөчүлөрдү күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жана мүмкүн болгон авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.