Кыргызстанда 2025-жылы лизинг аркылуу ферлерге 2,8 миң техника берилди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги фермерлердин машина-трактордук паркын жаңылоо жана айыл чарба техникасы менен камсыздоо багытында бир катар иш-чараларды аткарууда.
2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси жана министрлер кабинетинин колдоосу менен «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылууда.
Бул долбоорлордун алкагында айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү жабдуулары 7 жылдык мөөнөткө жылдык 6% үстөк менен жеңилдетилген шартта лизингге берилет.
Бүгүнкү күнгө карата мамлекеттик колдоодогу лизинг долбоорлору аркылуу фермерлерге жалпы 9863 техника берилген, жалпы суммасы 27,9 млрд. сом. Анын ичинен 2025-жылы 2853 техника 9,8 млрд. сомго лизингге чыгарылган.
Бул демилге дыйкандарга механизацияланган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүүгө, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө шарт түзүүдө.
