Талас облусунда «Беш-Таш–Кайыңды» минералдык суу чыгаруучу кичи завод ишке берилди
29 декабрь

Талас облусунда «Беш-Таш–Кайыңды» минералдык суу чыгаруучу кичи завод ишке берилди

Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Жанкороз олуя айылында жайгашкан «Беш-Таш–Кайыңды» минералдык суу чыгаруучу кичи заводунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Аталган долбоор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү калкты сапаттуу жана экологиялык жактан таза минералдык суу менен камсыздоого багытталган. Ошондой эле ишкананын ишке кириши менен жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү жаралууда.

Кичи завод заманбап технологиялар жана эл аралык стандарттарга жооп берген жабдуулар менен камсыздалып, саатына 1000 даана бөтөлкө минералдык суу чыгаруу кубаттуулугуна ээ. Өндүрүш процесси сапатты көзөмөлдөөнүн бардык талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.

«Беш-Таш–Кайыңды» минералдык суу чыгаруучу кичи заводунун ишке берилиши Талас облусунун өнөр жай потенциалын кеңейтүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.