Ат-Башыда кластердик экономиканы өнүктүрүүдө МЖӨ боюнча тренинг өттү
3 март

Ат-Башыда кластердик экономиканы өнүктүрүүдө МЖӨ боюнча тренинг өттү

Ат-Башы районунда кластердик экономиканы өнүктүрүүдө МЖӨ боюнча тренинг өттү. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. 

Иш-чараны КР Соода-өнөр жай палатасы Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азия боюнча колдоосу менен уюштурган.

Аймакта эт, сүт, бал, балык, фармацевтика, жашылча-жемиш өнөр жайы, туризм тармагы сыяктуу жети багыт боюнча кластер түзүлдү.

Палатанын мүчөлөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациянын жана Ат-Башы ишкерлер ассоциациясынын биргелешкен ишинин аркасында азыртадан эле алгачкы алгылыктуу жыйынтыктар болууда.

Бирок, талкуулар ишкерлер дуушар болгон негизги көйгөйлөрдү, анын ичинде төмөнкү пайыздык насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугун, каржылоонун жетишсиздигин жана мурда берилген кредиттерди кайра каржылоо программаларынын жоктугун белгиледи.

Тренингдин жыйынтыгында палата Ат-Башы райондук айыл чарба башкармалыгынын алдында ачылган Фермерлерди колдоо борборунун ишмердүүлүгүнө активдүү көмөк көрсөтүү, ошондой эле кластердик аймактарда катышуучулар тарабынан сунушталган иш-чараларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү чечими кабыл алынды.