Каракөл ГЭСинин курулушу кызуу жүрүп жатат
12 август

Каракөл ГЭСинин курулушу кызуу жүрүп жатат

Кыргызстандын Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетика тармагы үчүн жаңы горизонтторду ачып, тармакты өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоп, ишке ашырууда.

Ведомстводон кабарлашкандай, бул багыттагы кийинки кадам Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы Кара-Суу дарыясынын боюндагы Каракөл ГЭСинин курулушу болду. Бүгүнкү күндө ГЭСтин курулушу 80% бүтүп, төмөнкүдөй иштер аткарылууда:

• Башкы суу алуучу курулуш толугу менен бүткөрүлдү;

• ГЭС имаратынын колонналарын, крандардын устундарын, жогорку курулуш металл конструкцияларын жана чатырын монтаждоо иштери аяктады;

• Алуу каналдарын бетондоо боюнча жана сэндвич-панель дубалдарын монтаждоо иштери жүрүүдө;

• Басым түтүгүн монтаждоо акыркы этабында, калган түтүк барчасы монтаждалууда;

• Жерди даярдоо жана жер казуу иштери аяктады;

• Подстанциянын жабдууларын орнотуп, монтаждоо акыркы баскычта;

• №1 жана 2 гидротурбиналардын орнотулган тетиктери, ошондой эле бардык жабдуулар курулуш аянтчасына жеткирилди;

• Курулуш кранын монтаждоо иши сонуна келди

Бардык курулуш-монтаждоо иштери инвестициялык келишимдин графигине ылайык жүргүзүлүүдө.

Маалымат үчүн: Станциянын долбоордук кубаттуулугу 18 МВтты, ал эми орточо жылдык электр энергиясын өндүрүүсү 110 млн. кВт.саатты түзөт. Каракөл ГЭСинин курулушу болжол менен быйылкы жылдын аягына белгиленген.