ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосундагы соода жүгүртүү $8,3 млрд чейин жогорулады
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев Астанада өткөн V Евразия экономикалык форумунун алкагында Вьетнамдын вице-премьер-министри Хо Куок Зунг менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптар Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөр менен Вьетнамдын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашуунун алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Сагинтаевдин айтымында, 2025-жылы өз ара товар жүгүртүү 8,3 миллиард долларга жетип, туруктуу өсүштү сактап калды. Ал эркин соода тууралуу макулдашуу соода жана инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн маанилүү негиз болгонун белгиледи.
Учурда ЕЭК менен Вьетнам макулдашуунун 10 жылдыгына карата аналитикалык баяндама даярдап жатышат. Анда кызматташтыктын жыйынтыктары чыгарылып, өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары аныкталат.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө санариптештирүү, логистика, технологиялык өнүгүү жана инвестициялык кызматташтык маселелери да каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар экономикалык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча биргелешкен ишти улантууга ниеттенерин ырасташты.
ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууга 2015-жылы кол коюлуп, ал 2016-жылдын октябрь айында күчүнө кирген.
