2025-жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча Энергетика министрлигинин коллегиясы болуп өттү
1 ноябрь

2025-жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча Энергетика министрлигинин коллегиясы болуп өттү

31-октябрында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 2025-жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары жана министрликке караштуу энергетикалык компаниялардын, мекемелердин жана алардын филиалдарынын жетекчилери катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө министрликке караштуу администрациялык ведомстволордун жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын тийиштүү жетекчилери  жыл башынан берип аткарылган иштери, алдыга койгон иш пландары тууралуу баяндама кылды.

Ал эми өткөрүлгөн коллегияда энергетика министри Т. Ибраев 2025-2026-жылдагы күз-кыш мезгилинде калкы электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн баардык энергетиктер штаттык режимде иштеп,  керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртууда жоопкерчиликтүү иш алып баруусу керектигин эскертти.

2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгында энергетика тармагында бир катар иштер аткарылды. Алардын катарын төмөнкүлөр толуктайт:

1. 2025-жылы 9 айдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасы боюнча жалпы керектөө 13,8 млрд.кВтс түздү. Ал эми республикабызда жалпысынан 11,3 млрд.кВтс электр энергиясы өндүрүлдү, анын ичинде: Ири ГЭСтерден – 9,7 млрд.кВтс, Чакан ГЭСтерден -0,18 млрд.кВтс, Кичи ГЭСтерден 0,16 млрд.кВтс, Жылуулук электр борбордон - 1,3 млрд.кВтс жана Күн элект станциялардан 0,7 млн.кВтс электр энергиясы өндүрүлду. Андан тышкары коңшу өлкөлөрдөн 2,7 млрд.кВтс электр энергиясы Кыргызстанга импорттолду.

2. “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо Фаза №3” долбоорунун алкагында

№3- гидроагрегатынын монтаждоо жумуштары толугу менен 100% аяктады. Учурда №3 гидроагрегаттын электр бөлүгүндө ишке киргизүүгө чейинки иштер жүрүп жатат. 2025-жылдын 30 октябрга карата гидроагрегат №3 Кыргыз Республикасынын электр тармагына электр энергия чыгаруусу менен биринчи синхронизация ийгиликтүү өтүүдө. Келерки 14 күндө гидроагрегаттын сыноодон өтүү иш чаралары өтөт. Токтогул ГЭСинин №3 гидроагрегатын реабилитациялоосу аяктап , №3 гидроагрегаттын кубаттуулугу кошумча 60 МВтка жогорулайт.

3. Үч-Коргон ГЭСинин №3 гидроагрегаты 2025 жылдын март айында модернизациялоого (алмаштырууга) берилген. Бүгүнкү күнгө агрегаттын алмаштыруу иштери 98 %га бүттү. Ушул жылдын 12 ноябрында тестовый режимге берилет. Тестовый режимде 14 күндүн ичинде эч кандай шайкештиктер жаралбаса, ГА-3 кыргыз энергосистемасынында 20 % жогоруланган кубаттулук менен ишке кирет.   

Үч-Коргон ГЭСинин №-4 агрегатын реабилитациялоо жумуштары аяктап, кубаттуулугу дагы 9 мегаваттка жогорулады. Бул 140,6 млн килловат-саат дегенди түшүндүрөт.

4.  Кылым долбоору аталган “Камбарата-1 ГЭСин куруу” долбоорунун 2014-жылы иштелип чыккан ТЭНин актуалдаштырууга сынак өткөрүлүп, аткаруучу менен келишим түзүлүп, иштер аткарылууда. Бүгүнкү күнгө карата ГЭСтин плотинасынын тиби аныкталды. Бул иш-чараларды ишке ашырууга Дүйнөлүк банк тарабынан мурда бөлүнгөн  5 млн АКШ долларына кошумча дагы 13,6 млн АКШ доллары бөлүнүп берилип, ал эми Камбарата-1 ГЭСинин негизги курулуш иштерине дагы Дүйнөлүк банк тарабынан үч мамлекет үчүн (Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстан) 1,5 млрд. АКШ долларын бөлүп берүүсү каралууда.

Аткарылган  иштери:

Бишкек-Ош трассасынын 318-км Прорезь № 2 бөлүнгөн жерге чейин Камбар-Ата ГЭС-1 створунун кирүүчү автожолду куруу:

  • 95% жер иштери аткарылды;
  • 90% бетондоо иштери аткарылды;

Чыгуу порталы менен Т-2 туннелинин бүтпөгөн участогун (126 п.м.) куруу:

  • 100% туннелди өтүү жана үстүн, жактарын бетондоо аткарылды;
  • 100% ички жолун бетондоо иштери аткарылды;
  • 40% эксплуатациялоо учурунун иштери аткарылды;

Камбар-Ата ГЭС-1 створунун 110 кВ АЧ (18 км) жана 110/6кВ көмөк чордонун куруу:

  • 95% линиясын тартуу иштери аткарылды;
  • 95% темир мамычаларды орнотуу иштери аткарылды.
  • 90% көмөкчү чордонунун иштери аткарылды;

№ 2 прорезден Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш аянтына чейин кирүүчү жаңы автожолдорду куруу:

  • 95% жер иштери аткарылды;
  • 85% бетондоо иштери аткарылды;

Нарын дарыясы аркылуу Камбар-Ата ГЭС-1 створун көздөй оң жээкте көпүрөнү куруу:

  • 100% үймөктөрдү бургулоо жана бетондоо иштери аткарылды;
  • 75% үйүлгөн пайдубалдын үстүнкү бөлүгү аткарылды;
  • жалпы көпүрөнүн 35% иштери аткарылды;

Куруучулар үчүн убактылуу поселокту куруу:

  • 95% фундамент иштери аткарылды;
  • 75% металдык конструкцияларынын иштери аткарылды;

Камбар-Ата-1 ГЭС долбоору боюнча  2025-жылга пландар:

  • Автожол участогу №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9: 9,27 км бетондоону аяктоо;
  • Автожол участогу №10, 11, 12, 13, 14, 15: 8,7 км бетондоону аяктоо;
  • Транспорттук туннел боюнча иштерди аяктоо;
  • 110 кВ АЧ жана 110/6 кВ көмөк чордонун курулушу: узундугу 8,21 км болгон АЧ жана 110/6 кВ көмөк чордонун курулушу аяктоосу;

Көпүрөнүн курулушу: 12 даана үймөктөрдү бургулоо жана бетондоо, 4 даана үйүлгөн пайдубалдын үстүнкү бөлүгү бетондоо жана көпүрөнүн аралыгын орнотуу боюнча иштерди аяктоо;

Куруучулар үчүн убактылуу поселок: иштин толук көлөмүн аяктоо.

5. Камбарата ГЭСинин-2 экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү боюнча төмөнкү иштер жүргүзүлүп жатат.

Долбоордун алкагында төмөнкү лоттор каралган:

1-Лот - «Турбина, генератор жана жалпы станциялык жабдуулар»;

2-Лот - «Ачык көмөк чордон жана электр чубалгылары»;

3-Лот - «Басым түтүгү жана суу өткөргүчүнүн жана ГЭСтин имаратынын курулуш бөлүгү».

2025-жылдын 16-июнунда Лот 1 боюнча DEC – SM (Кытай–Корея) консорциуму менен келишимге кол коюлган. Келишим 2025-жылдын 8-августунда күчүнө кирген.

2025-жылдын 19-августунда Лот 2 боюнча DEC – SM (Кытай–Корея) консорциуму менен келишим түзүлгөн.

2025-жылдын 9-сентябрында Лот 3 боюнча Sinohydro Bureau 16-Sinohydro Joint Venture (Кытай) менен келишимге кол коюлган.Азыркы учурда Лот 2 жана Лот 3 боюнча келишимдердин күчүнө кириши багытында иштер жүрүп жатат. 2025-жылдын октябрь айынын аягына чейин келишимдердин суммасынан 10% көлөмүндө аванстык төлөмдөрдү жүргүзүү пландалууда.Лот 1 боюнча подрядчиктердин объектке мобилизациялоо иштери башталган, убактылуу кеңсе жана жашоо жайлары курулууда. Ошону менен катар учурда иштеп жаткан жабдууларды алдын ала изилдөө, учурдагы схемалар боюнча баштапкы маалыматтарды чогултуу жана турбинанын моделин өндүрүүчү заводдо даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

2025-жылдын 28–31-октябрына карата Камбарата ГЭС-2 объектинде үч лоттун подрядчиктери, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕТӨФ) жана долбоордун Консультантынын катышуусунда жыйын өткөрүү пландалууда. Жыйындын максаты – долбоорду ишке ашыруунун кийинки кадамдарын координациялоо, иштердин жаңыртылган графиктерин кароо жана долбоорду башкаруу боюнча жетекчилик документин талкуулоо болуп саналат.

6. Үстүбүздөгү жылдын башынан жалпы кубаттуулугу 41,29 МВтты түзгөн 5 чакан ГЭС ишке берилди. Алар: Аксы ГЭСи - 4,75 МВт; Боз-Учук ГЭСи - 5,54 МВт; Койсуу ГЭСи - 9 МВТ; Ысык-Ата-2 ГЭСи - 4 МВТ жана Кара-Көл ГЭСи - 18 МВт. Мындан тышкары жылдын аягына чейин  жалпы кубаттуулугу 3,93 МВтты түзгөн 4 чакан ГЭС ишке берүү пландалууда.

Азыркы учурда өлкө боюнча кубаттуулугу 1,95 МВтты түзгөн күн электр станциясы иштеп жатат.

Ушул жылдын дагы бир жагымдуу жаңылыгы — кубаттуулугу жалпы 3150 МВтты түзгөн 5 күн электр станциясын  жана 1 шамал электр станциясын куруу боюнча компаниялар менен инвестициялык макулдашууларга кол коюлду.

7. 2025-жылдын 27-октябрында Кара-Көл ГЭСи Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда ишке берилди. Ал эми Орто-Токой ГЭСинде курулуш иштери улантылып, Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат.

“Чакан ГЭС” ААК Папан ГЭСинде курулушка карата даярдык жана баштапкы иштерин улантууда. Аны менен катар KRED долбоорунун алкагында Ылдыйкы Тар ГЭСин курууга жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоого консультанттар менен келишим түзүүдө. Муну менен бирге ГЭС-5тин БСРде 15 МВт кубаттуулугундагы калкып жүрүүчү күн электр станциясын куруу боюнча алдын ала ТЭОсу иштелип чыкты.

Мындан тышкары, “Чакан ГЭС” ААК 2025-жылы өлкөбүздүн автоунаа инфраструктурасын жаакшыртуу жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү максатында өз каржы эсебинен 10 электромобилди кубаттоочу станцияны орнотууну мерчемдеп, 6 даана кубаттоочу станцияны орнотту:
• Бишкек шаары (ГЭС-3) – 2 даана (80 кВт)
• Нур айылы, Кемин району – 4 даана (80 кВт)

8. “Кыргызкөмүр” ААК тарабына 2025-жылдын 9 ай ичинде 655,3 миң тонна көмүр казылып, 6,8 млн м³ кыртыш ачуу иштери жүргүзүлдү.

“Кыргызкөмүр” ААК, 2022-жылдан бери кендерди иштетүүгө жана чалгындоого 23 лицензия алган, учурда алардын төртөө толук кандуу ишке берилген. Анын ичинен,

-15 лицензия кендерди иштетүүгө

- 8 лицензия геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн.

Бүгүнкү күндө, 6 көмүр кенинде толук кандуу көмүр өндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Калган лицензиялар боюнча чалгындоо жана долбоорлоо иштери алып барылууда.

Күз-кыш мезгилин өткөрүү учурунда калкты өз убагында арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу максатында, “Кыргызкөмүр” ААК республиканын облустарында жайгашкан 126 отун базалары менен келишимдер түзүлүп иштер алынып барылган.

9. 2025-жылы Новопокровка айылын (4 263 кожолук) газдаштыруу улантылууда. Мындан тышкары, Ак-Босого, Военно-Антоновка турак жай жана калктуу конуштарын (7 776 кожолук) газдаштыруу пландаштырылган. Ошондой эле, Эне-Сай, 69 Га (Арча-Бешик) жана Селекция турак жай жана калктуу конуштарын газдаштыруу үчүн долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми ушул жылдын башынан бери 100 чакырым газ түтүгү курулуп, жалпысынан газ тармагына 7 500 абонент кошулду.

2025-жылдын июль айына карата жаратылыш газын сатуунун көлөмү 329,7 млн м³ түздү. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине карата 326,7 млн м³ (1 %) көбөйгөн. 2025-жылга жаратылыш газын жеткирүүнүн болжолдуу көлөмү 540,0 млн м³ пландалууда.

“Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо – 3” долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 349 чечими менен бекитилип, тиешелүү органдар жана банктар тарабынан иш-чаралар аткарылууда. 9 айдын жыйынтыгы боюнча 92 кожолука жалпы суммасы 11,45 млн. сом кредиттер берилди.

10. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» МИ «Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз» ААКсы менен биргеликте 22 мунай скважинада оңдоо жана даярдоо иштери жүргүзүлдү. Скважиналарда топографиялык иштер жүргүзүлүп, скважиналарга электр зымдары тартылды, «Түндүк Сох» жана «Чоңгара Галча» кенинде 9 скважинада геофизикалык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Учурда өнөктөштөрдүн эсебинен кубаттулугу Т-1 1800 КвА, Т-2 4000 КвА «Түндүк Сох» 35/6 кв подстанциясына Баткен ПЭС тарабынан толук капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. «Кыргызтранснефтегаз» МИси менен «Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз» ААКсынын ортосундагы биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашуунун алкагында инвестор тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунда өндүрүш кубаттуулугу суткасына 500 тонна мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Мунайды кайра иштетүүчү заводду толук ишке киргизүү 2025-жылдын август айына пландаштырылган. Бирок негиздөөчүлөрдүн жана директорлор кеңешинин курамынын өзгөрүшүнө байланыштуу долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү 2026-жылдын I-кварталына жылдырылууда. Долбоор боюнча жалпы 150-250 иш оруну камсыздалат.

11. Электр энергиясы  менен камсыздоо кызматтарынын сапатын жана ыкчамдуулугун жогорулатуу максатында 3 райондук электр тармактарынын (РЭТ) жаңы административдик имараттарынын курулушу жүрүүдө:

  • Чаткал РЭТ;
  • Ат-Башы РЭТ
  • Жумгал РЭТ.

4 райондук электр тармактарынын (РЭТ) жаңы административдик имараттары курулуп пайдаланууга берилди

  • Кулатов участогу (Ноокат РЭТ);
  • Чек-Абад участогу (Араван РЭТ).
  • Нарын РЭТ
  • Майлуу-Суу РЭТ

Мындан тышкары "Электр станциялар" ААКнын башкы административдик имаратынын курулушу башталган. Атаган имаратты ушул жылдын август айында пландалган. 

12. 2025-жылдын 9 айында энергетика тармагына оздүк каражаттын эсебинен   136 даана атайын техника сатып алынды. (“Кыргызкөмүр” МИ - 29 техника, “Чакан ГЭС” ААК - 5 жеңил автоунаа,  “КУЭТ” ААК- 91 даана атайын техника, "Электр станциялар" ААК 9 атайын техника жана 2 кызматтык жол тандабас сатып алынды)

13-Курулуп жаткан көмөк чордондор

  1. 110 кВ «Дача» көмөк чордону (Жалал-Абад облусу);
  2. 35 кВ «Талды-Суу» көмөк чордону (Нарын облусу);
  3. 35 кВ «Абшыр» көмөк чордону (Ош облусу);
  4. 110 кВ «Кур-Терек» көмөк чордону (Нарын облусу);

14- Курулуп бүткөн көмөк чордондор:

  1. 110 кВ «Мурас» көмөк чордону (Бишкек шаары);
  2. 110 кВ «Суу-Башы» көмөк чордону (Баткен шаары);
  3. 110 кВ «Кен-Сай» көмөк чордону (Ош шаары);
  4. 35 кВ «Кожомкул» көмөк чордону (Чуй облусу).
  5. 35кВ «Үч-чоку» көмөк чордону (Ош облусу).

15- Муну менен катар 2025-жылдын башынан тартып республика боюнча 110-0,4 кВ электр тармактарында аткарылган иш-чаралар:

Кошумча трансформатордук көмөк чордондор орнотулуп, учурдагы трансформатордук кубаттуулуктар:

  • 7 даана 110 кВ кубаттуулугу 40 МВА трансформатор сатылып алынып, андан сырткары 17 трансформатор каскадтык метод менен алмашылды.
  • 10-0,4 кВ  576 бирдик ТКЧ кубаттуулугу жогорулатылды
  • Жалпы 611,4 чакырым электр берүү линиялары СИП-2 маркасындагы изоляцияланган зымдарга алмаштырылып, реконструкцияланды.
  • 8200 даана жыгач мамылар темир-бетон мамыларга алмаштырылды;
  • 430 миң даана «акылдуу эсептегичтер» орнотулду.

16 - Капиталдык ондоо иштери:

  • 35-500 кВ чыңалуудагы 190 көмөк чордондордун жабдуулары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү;
  • 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы 3132 даана трансформатордук көмөк чордондор оңдолду;
  • 35-500 кВ чыңалуудагы 1068 чакырым аба чубалгылары оңдолду;
  • 10-0,4 кВ чыңалуудагы 2889 чакырым аба чубалгылары   оңдолду.