Кыргызстанда пенсионерлердин саны 797,4 миң адамга жетти
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2025-жылдын 1-январына карата пенсионерлердин саны 797,4 миң адамга жетти. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 105,8 миңге көбөйгөн.
Пенсиянын орточо өлчөмү жогорулатылгандан кийин 2024-жылдын 1-октябрына карата 10 695 сомду түзүп, бул 2020-жылга караганда дээрлик эки эсеге жогорулады. (5 665 сом).
2024-жылы пенсияларды жогорулатуу эки этап менен жүргүзүлдү. 1-июлдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 3170 сомго жеткирилип, мунун эсебинен 98000ге жакын пенсионердин пенсиясы жогорулаган.
Ал эми, 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% га, бирок 1 000 сомдон кем эмес көбөйтүлүп, үч ай ичинде индексациялоого кошумча чыгымдар 3,9 млрд сомду түздү.
