Камбарата ГЭС-1 проекти канчалык илгерилеп жатат?
Бишкекте 19-февралда Камбарата ГЭС-1 долбоорунун ишке ашыруунун учурдагы этабын караган семинар болуп өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага катышуучуларды кабыл алып, Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев мындай деди:
«Бул семинарда Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы делегациялары, Дүйнөлүк банк, ошондой эле эксперттер панелинин мүчөлөрү, AFRY компаниясынын жетекчилиги жана эл аралык адистер катышып жатат.
Бүгүнкү жолугушуунун негизги максаты Камбарата ГЭС-1 долбоорунун учурдагы абалын, анын ичинде техникалык-экономикалык негиздемени жана айлана-чөйрөгө жана социалдык таасирге баа берүү иштери боюнча карап чыгуу болуп саналат».
Семинарда 2024-жылдын башында техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) жаңылоого конкурстук негизде тандалган швейцариялык инженердик-консалтингдик компания AFRY учурдагы иштин жыйынтыктарын сунуштады. Компания ортомчу отчетту, сейсмикалык баалоону жана гидрологиялык изилдөөлөрдү көрсөттү. Долбоордун натыйжалуу, туруктуу жана коопсуз иштешин камсыздоо үчүн негизги техникалык элементтер жана долбоордук чечимдер сунушталды.
Айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирди баалоону жүргүзүп жаткан эл аралык компания SMEC өзүнүн баштапкы изилдөө жыйынтыктарын ачыктады. Презентацияда долбоордун мүмкүн болгон таасиринин көлөмү, жергиликтүү калк үчүн тиричилик каражаттарына болгон таасири каралып, экологиялык изилдөөлөрдү ушул жылдын жазында өткөрүү планы жана жумушту аяктоо үчүн негизги кадамдар көрсөтүлдү.
Камбарата ГЭС-1 долбоорунун кийинки даярдыктары техникалык-экономикалык негиздемени жана айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирди баалоону бүтүрүүнү, андан кийин Кыргызстанда жергиликтүү жана улуттук деңгээлде кызыктар тараптар менен экинчи консультациялар тобун өткөрүүнү камтыйт. Кызыктар тараптар менен консультациялар Казакстан жана Өзбекстанда да өткөрүлөт. Мындан тышкары, алынган сунуштар жана пикирлердин негизинде айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирди баалоонун жакшыртылган версиясы даярдалат.
Семинар Камбарата ГЭС-1 долбоорун даярдоонун маанилүү кадамы болду, ал экологиялык, социалдык, техникалык жана каржылык жактан туруктуу энергетикалык долбоор катары үлгү болушу керек. Дүйнөлүк банк ушул ири долбоорду даярдоого ар тараптуу каржылык колдоо көрсөтүүдө, анын ичинде ТЭНди жаңылоо жана айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирди баалоону жүргүзүү.
Камбарата ГЭС-1 — бул жашыл, таза энергиянын трансформациялык долбоору, ал Кыргызстан үчүн жана бүткүл Борбордук Азия үчүн маанилүү пайда алып келет. Долбоор энергетикалык коопсуздукту күчөтүүгө, региондогу кызматташтыктарды бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
