Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев палатанын Ооганстандагы өкүлүнүн күбөлүгүн тапшырды
Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев палатанын Ооганстандагы өкүлүнүн күбөлүгүн тапшырды. Адылбек Салиев жеке жана мамлекеттик секторлордо башкаруу боюнча чоң тажрыйбага ээ. Билимин Москва Эл аралык бизнес жана маалымат технологиялар университетинин Кыргызстандагы филиалында, ошондой эле Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информатика университетинде (МЭСИ) алган.
Эмгек жолунда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын редакциялык-басма бөлүмүнүн башчысынан бир катар ири ишканалардын башкы директоруна чейинки кызматтарды аркалаган.
Адылбек Салиевдин бул кызматка дайындалышы Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы ишкердик байланыштарды чыңдоо, ата мекендик бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөйт.
