Кыргызстанга чыгарылган жылы тууралуу жалган маалымат менен унааларды алып кирүүгө аракет кылышкан
«Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан BYD E5 маркасындагы унааларды ташып келүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталды.
Транзиттик декларация боюнча КЭРден "Автомобилдик" БТЖга КР жарандарынын дарегине "BYD E5" маркасындагы автотранспорт каражаттары 9 бирдик санында келген, товарды коштоочу документтерде автомобилдердин 2020-жылы чыгарылганы көрсөтүлгөн, бул КР Салык кодексинин 291-беренесине жана ЕЭК Кеңешинин №134 чечимине ылайык арыз ээсине КНС жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотууга мүмкүндүк берген.
Бирок бажы контролунун жүрүшүндө автоунаалардын чыгарылган жылы көрсөтүлгөн жылга туура келбегендиги аныкталган. Корутундуга ылайык, КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы бул унаалардын чыгарылган жылын 2018-жыл деп көрсөткөн.
Тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 2 528 388 сомду түздү. Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
