Түп районунда эки завод курулат
19 февраль

Түп районунда эки завод курулат

Бүгүн, 19-февралда “Элдик” депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. 

Жыйында райондогу жана айыл аймактагы бир катар көйгөйлүү маселелер ортого салынды. 

Жергиликтүү кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаевден Долон, Токтоян, Сары-Дөбө айылдарына бала бакча, жабык типтеги футбол талаасын куруу зарылдыктарын, эң негизгиси райондун бир катар айылдарын бийик тоолуу аймак категориясына киргизүү өтүнүчүн билдиришти. 

Эл өкүлү Түп районунун жалпы инфраструктурасына токтолуп, акыркы жылдары райондун бардык аймактарын өнүктүрүү жаатында алгылыктуу иштер жүрүп, социалдык объекттер курулуп, калкты таза суу менен камсыз кылуу сыяктуу ж.б. иштер жасалып жатканын белгиледи. 

“Ар бир облуска, анын ичинде Түп районунун аймагына сыр завод, Михайловка айылына кант кызылчасын кайра иштетүүчү завод курууну пландап жатабыз. Буйруса, быйылкы жылы да Түп районунда алгылыктуу иштер жасалып, ири курулуштар болот”, - деди ал. 

Мындан тышкары, тышкы инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу Ысык-Көл облусунун (10 млн АКШ долларына), анын ичинде Түп ооруканаларына заманбап үлгүдөгү медициналык жабдыктарды алуу маселеси чечилип жатканын айтты.