Кыргызстанда $3 млрд Макмал – Каракол темир жолу курулат
КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте бүгүн, 19-февралда «Трансевразиялык каттам» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга «долбоордун кум коргон» режиминде кол коюу аземи болуп өттү.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциумунун ортосунда түзүлдү.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов белгилегендей, бул Кыргызстандын темир жол тармагындагы биринчи МЖӨ долбоору, ал өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калат.
"Инвестициянын жалпы суммасы болжол менен 3 миллиард АКШ долларын түзөт, бул жаңы жумуш орундарын гана камсыздабастан, транспорт тармагын кыйла жакшыртып, өлкө үчүн узак мөөнөттүү келечекте экономикалык пайда алып келет", - деди Талантбек Иманов.
Долбоор Кыргызстандын транспорт системасы үчүн жаңы горизонтторду ачып, коңшу мамлекеттер менен транспорттук байланышты жакшыртат жана экономиканы эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Пландаштырылган каттам: Макмал – Каракол.
