Өзбекстандын президенти Кыргызстан менен энергетикалык долбоорлорду алдыга жылдыруунун маанилүүлүгүн белгиледи
6 декабрь

Өзбекстандын президенти Кыргызстан менен энергетикалык долбоорлорду алдыга жылдыруунун маанилүүлүгүн белгиледи

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чын жүрөктөн чыккан саламын айтты.

Анда өзбек-кыргыз достук, жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин, анын ичинде энергетика тармагында мындан ары да чыңдоо маселелери талкууланды. Эки тараптуу мамилелердин тез өнүгүп жаткандыгы канааттануу менен белгиленди.

Өзбекстандын лидери гидроэнергетика тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана биргелешкен аймактык долбоорлорду, биринчи кезекте Камбар-Ата ГЭС-1ди натыйжалуу илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Региондун гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдалануу жана биргелешип башкаруу үчүн келерки жылы Кыргызстан жана Казакстан менен чогуу “Камбар-Ата-1 ГЭС” долбоорун каржылоону баштайбыз”, – деди Мирзиёев.

Ошондой эле ал Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдүн энергетика жетекчилери менен бирге, Кыргызстан энергетика министри Таалайбек Ибраевге Өзбекстанга ири инвестиция тартуу жана заманбап технологияларды кеңири киргизүүдөгү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Өзбек Республикасынын президенти Шахват Мирзиёевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазылык билдирди. Аны менен катар эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташууда, биргеликте долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.