Жашылча-жемиштерди жыйноо иштери. Эң жогорку түшүм Чүй жана Ош облустарында байкалууда
20 октябрь

Жашылча-жемиштерди жыйноо иштери. Эң жогорку түшүм Чүй жана Ош облустарында байкалууда

Дан эгиндеринин жалпы 679,0 миң гектар айдоо аянтынын 619,5 миң гектары жыйналып, бул 91,2 пайызды түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 614,6 миң гектар болгон. Республика боюнча орточо түшүмдүүлүк 25,1 центнерди түзүп, жыйналган дан азыктарынын жалпы көлөмү 1 млн 724,3 миң тоннаны түздү.

Жашылча-жемиштерди жыйноо иштери (жалпы 56,6 миң га) 52,0 миң гектарда аткарылып, 95,8 пайызга жетти. Эң жогорку түшүм Чүй жана Ош облустарында байкалууда.

Картошка жыйноо (жалпы 64,5 миң га) иштери 60,8 миң гектарда жүргүзүлүп, 94,3 пайызга аткарылды. Жалпы жыйым 872,9 миң тоннаны түздү, орточо түшүмдүүлүк — 176,5 ц/га (2024-жылдын ушул күнү 172,5 ц/га болгон). Ысык-Көл облусунда жыйноо иштери жалпы аянттын 94,9 пайызында аяктады.

Бахча өсүмдүктөрүн жыйноо (жалпы пландалган 11,8 миң га) негизинен аяктап, 12,2 миң гектарда жүргүзүлдү. Бул көрсөткүч 103,8 пайызды түзүп, рекорддук деңгээлге жетти. Жалпы жыйым 274,0 миң тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 37,0 миң тоннага көп жыйналды. Бахчалардын негизги өндүрүүчүсү — Жалал-Абад облусу.

Техникалык өсүмдүктөрдү жыйноо (жалпы 32,3 миң га) улантылып жатат. Май өсүмдүктөрүнүн жыйноо деңгээли — 87,6 пайыз (10,9 миң га), тамеки — 92,4 пайыз (дүң жыйымы 0,9 миң тн), пахта — 91,3 пайыз (5,9 миң га жыйналып, дүң жыйымы 8,4 миң тн), ал эми кант кызылчасы боюнча жыйымдар кеч башталып, азыркы тапта 16,6 пайыз (дүң жыйымы 75,5 миң тн) түзүүдө.